Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

«СЕБАТ» ИШКАНАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ОРХАН ИНАНДЫ: «БИЛИМГЕ КАНЧА АКЧА ЖУМШАСА ДА АЗДЫК КЫЛАТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстанга сырттан көп эле инвестиция келди. Алардын ичинде 1992-жылдан бери Түркиянын «Себат» билим берүү ишканасы Кыргызстанга 30 миллион доллардан ашуун инвестиция алып келди. Өлкөнүн ар кайсы дубандарында 12 лицей, 1 эл аралык мектеп, 1 университет ачууга жетишкен бул ишкананын президенти Орхан Инанды «Азаттык» үналгысына маек куруп берди.

- Орхан мырза, «Себат» фирмасынын билим берүү тармагы үчүн Кыргызстанга алып келген инвестициясы жөнүндө айтып берсеңиз.

- Кыргызстандын бардык облустарында биздин 12 лицей иштейт. Бишкекте 1 эл аралык Ататүрк атындагы Алатоо университети, 1 эл аралык мектеп жана компьютер борбору бар. Биздин бардык мекемелерде 4500 окуучу окуйт. Бардык лицейлерде 6-классты бүткөн окуучуларды алабыз. 7-ден баштап 11- класска чейин окуйт. Негизинен бизде сабактар англис, орус, кыргыз, түрк тилдеринде өтөт. Бизден бүткөн окуучулар ошентип 4 тилди жана компьютерди абдан жакшы билип чыгышат. Ошондуктан окууну бүткөндөн кийин алар кайсы жерге барса да окуй алат, өзүнө ишенет. Америкага, Түркияга, Орусияга, Европага, Японияга барып окуп жаткандар бар. 10 жыл аралыгында биздин мектептерди 2 миңден ашык окуучу бүтүрүп чыкты. Мисал үчүн булардын 30% Европада жана Түркияда, 8% Америкада, 15% КМШда, 4% Японияда, Кытайда окуйт. Калган 40% жакыны Кыргызстандын университеттеринде окуйт. Биз жоктон бир нерсе алып келгенибиз жок. Кыргызстандын балдары, кыздары билимге абдан кызыгышат. Биз аларга жакшы шарт түзүп берсек, мектептерди жакшыртып берсек, жакшы билим берсек деген ойдобуз. Сиз билесиз, өткөн жылы Бельгиядан биздин бир бала биология боюнча мелдештен биринчи орун алып, алтын медаль алып келди. Дагы бир бала Индонезиядан физикадан 2 орунду алды. Бул кыргыздын баласы, бул бизди абдан кубандырат. Биз бир атанын балдары катары эки элдин ортосунда достук, тынчтык болсун деген ой менен иштейбиз.

- Орхан мырза, мына сиз Кыргызстанга келип билим берүү системасында иштегениңизге 10 жылга жакындап калды. Келгенден бери сиз «Себат» ишканасынын лицейлери менен катар эле кыргыз мектептери менен да көп аралашып жүрөсүз. Кыргыз мектептери менен «Себат» лицейлеринин ортосундагы айырмачылык канчалык? Кыргыз мектептерин деле «Себат» лицейлериндей кылып, жакшы жолго коюш мүмкүнбү, сиздин оюңузча?

- Потенциал бар, менин оюмча Кыргызстанда билим деңгээли жакшы. Биздин мектептерде шарт жакшы. Негизинен мугалимдерди биз жакшы кызыктырабыз. Мисалы үчүн биз ар бир 2 айда мугалимдерге тест өткөрүп турабыз. Бул тесттен кийин жыйынтыгын алып, текшеребиз. Анан директорлорду чогултуп айтабыз: «Эмне үчүн бул сабактар жакшы эмес? Эмне үчүн кыйынчылыктар бар, шарт жокпу, эмне проблемаңар бар?» - деп. Начар мугалимдерди өз убагында билип, бат алмаштырабыз. Негизгиси балдарга шарт болсо, бардык кыргыз баласы акылдуу. Мугалимдер кызыктуу сабак өтүп, патриот болушу керек. Кыргызстандын бардык мектептери жакын арада жакшы деңгээлге чыгат деген оюм бар.

- Бардыгынан дагы балдарга ар тараптуу терең билим берип, тарбиялоо Кыргызстандын келечеги үчүн чоң инвестиция. Ушундай болсо да «Себат» ишканасы соңку жылдарда Кыргызстанга ондогон миллион доллардагы өз инвестицияларын алып келди. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

- Азыр билимге канча акча салынса да аз деген ойдомун. Өзүңүз билесиз, урматтуу президентибиз Аскар Акаев өзү билимдүү, профессор, билимди урматтап, өтө жакшы колдойт. Бул элдин келечеги. Билимге канча каражат, канча акча салынса да -мен дагы бир жолу айтам - аз. Бизди колдогон негизинен сүрөөнчүлөр. Ошо кишилерди ишендирип, түшүндүрүп, бул жакка чакырып, Кыргызстанды көрсөтүп, жардам сурайбыз. Кыргызстанга 10 жыл ичинде 30 млн. доллар инвестиция алып келдик. Мунун бардыгы билимге жумшалган акча. Билимге кеткен инвестиция эч качан жок болбойт. Ал кайтарымдуу инвестиция.

- Эң алгач лицейлер иштей баштаганда, лицейге кирген окуучулардын саны салыштырмалуу аз эле. Бүгүнкү күндө лицейге келип окуйм деген каалоочулар кандай, сиздин оюңузча?

- Биз биринчи 1992-жылы келгенде мектептерге 560 окуучу экзаменге кирем деп аракет кылган. Жарымынан ашыгы биринчилерден болуп ошол кезде лицейлерге кабыл алынган. Ал эми өткөн жылы 54 миң бала экзаменге кирди. Анын ичинен миң баланы мектептерге кабыл алдык. Жыл сайын бизге келүүчүлөрдүн саны көбөйүп жатышы бизди абдан кубандырат. Мен директорлорго, биздин коллегаларга «элдин көз карашы жакшы, ата-энеси балабызды беребиз дейт. Биз түнү-күнү иштешибиз керек. Балдарга билим, тартип берип, кыргыз элине пайдалуу кызмат кылышыбыз керек» деп ар дайым айтам. Жыл сайын май айында бизде кабыл алуу экзамени болот.

- Орхан мырза, жанатан бери экөөбүз «Себат» ишканасына караштуу лицейлердин ийгиликтерин, жакшы жактарын айтып, ошол жөнүндө сөз кылып атабыз. Ошондой болсо да ар бир жакшы нерсенин артында проблема болбой койбойт эмеспи. Андан силер деле сыртта калбасаңар керек.

- Кыргызстанга биринчи келгенде мен ойлондум. «Биз бир атанын балдары болсок да, арадан ушунча жыл узак болуп калып, мүмкүн өзгөрүүлөр болдубу, кандай болот?» деген ой менен келдим. Бул жакка келип өз Атамекенимди көрүп, элден жакшы мамиле көрүп, өзүмдү да жакын көрдүм. Салтыбыз, тилибиз, дилибиз окшош. Мен абдан ыраазы болдум. «Себаттын» мекемесинде иштеген директорлор, мугалимдер бардыгы ушул ой менен иштейт. Бирок, мекемеде проблемалар болот. Бизде кичине проблемалар бар. Кээ бирлер айтат «Себаттын» мектептеринде балдардан көп акча алынат деп. Бул туура эмес, биз азыр көп акча алганыбыз жок. Биз окуучулардан ар бир шаардын шартына жараша акча алабыз. Мисалы, Нарында окуу акысы бир жылга (айына эмес) 5 миң сомдон ашпайт. Бишкекте, Ошто, Жалалабадда башкача баа. Бардык облустардагы лицейлерибизде жатакана бар. 3-4 маал тамак беребиз балдарга. Биз алган акча тамак-ашка жетпейт. Биз ал акчадан эч кандай пайда көрбөйбүз. Азыр бардык мектептер сүрөөнчүлөрдүн колдоосу менен кармалып турат. Эл муну жакшы түшүнсө, мен абдан ыраазы болом. Алдыда дагы чоң милдеттерибиз турат. Чолпонатада бир мектеп ачабыз деген жакшы оюбуз бар. Кышында мектеп болсун, жайында балдарга, кыздарга эс алуу жайы, лагерь болсо деген ниетибиз бар. Быйыл буюрса Нарындагы мектепти алмаштырып, жаңы имарат таап, ремонт кылып берсек дейбиз. Ал жерде кышкысын өзүңүз билесиз, суук. Балдарга жакшы билим алыш үчүн шарт түзүп берсек, бул биз үчүн абдан жакшы болот. Бизге жакшы мамиле кылган, жакшы шарт түзгөн, жакшы кабыл алган кыргыз элине дагы бир жолу чын жүрөктөн рахмат айтам.

- Анда алдыга койгон максаттарыңыздар ишке аша берсин. Ишиңиздерге ийгилик. Бизге ушинтип кызыктуу аңгеме куруп бергениңиз үчүн сизге соң рахмат.
XS
SM
MD
LG