Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Казакстанда 61 кило героин кармалды


Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, алар 61 килограмм героинди жана маң заттары менен соода кылган эл аралык аткезчилер тобунун 4 мүчөсүн колго түшүрүшкөн.
ИНТЕР ФАКС агенттигинин маалымдашынча, маң заттарынын көбү Россияга ташылып бараткан экен.
Андан бир аз алдың Тажикстандын бийликтери тажик - ооган чек арасында жыл башынан бери 1 тонна 800 кило героин кармалганын жарыя кылган.
Бул өткөн жылдын алгачкы үч айында кармалган маң заттарынан төрт эсеге көп.

XS
SM
MD
LG