Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Румыниянын солчул өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө аракети ишке ашпай калды


Румыниянын оппозициячыл партияларынын премьер-министр Адриан Настасе башындагы солчул өкмөттү коррупцияны ооздуктай албады деп күнөөлөп, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси ойрон болду.
Парламенттин дүйшөмбү күнкү сессиясында көпчүлүк депутаттар Настасенин кабинетин жактап добуш беришти. Бул өкмөт сунуш кылган коррупцияга каршы мыйзамды депутаттардын жоон тобу колдоду дегенге барабар. Ошон үчүн, мыйзамдын долбоору талкуу болбой туруп кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, мыйзамга оболу президент кол коюшу шарт.

XS
SM
MD
LG