Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Сирия Колин Пауэллге жооп кайтарды


Сириянын тышкы иштер министрлиги өлкө АКШ башындагы күчтөрдүн “мыйзамсыз жана адилетсиз” кол салуусуна жооп кылып, Ирак калкынын тарабын тандап алды деп билдирди.
Министрликтин атын атабаган өкүлү Кошмо Штаттарын Израилдин Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыгын коргойт деп эсептейт.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жекшемби күнү Сирия Саддам Хусейндин режиминин соңку күндөрү терроризмди колдоп, “тобокел ишке барууда” деп эскерткен. Ал ошондой эле Иран менен Сирияны кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылууга, болбосо анын аягы жаман бүтөрүн кулак какты кылган.
Иран дүйшөмбү күнү эртелеп жасаган билдирүүсүндө Пауэллдин сөзүн АКШнын Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылуу аракетинин бир бөлүгү катары баалаган.

XS
SM
MD
LG