Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Ирактагы согуш: кабар түрмөгү


АКШ президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам Хусейндин режимине каршы жүрүп жаткан согуштун коркунучтуу жагы али алдыда жана согуш Америкага террорчулукту алып келиши ыктымал деп эскертти.
Ж. Буштун Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жолугушууда айтканына караганда, коалициянын күчтөрү күн сайын Багдадды көздөй улам жакындап барат жана АКШ башындагы күчтөр Иракка эркиндик берип, калкына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн келишкен:

- 11 күндүн ичинде коалициялык күчтөр Ирактын батыш жана түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлгө алды. 11 күндө биз маанилүү көпүрөөлөрдү ээлеп, түндүк фронтун ачтык, абада толук үстөмдүккө жетиштик жана тонналаган гуманитардык жардамды жеткирүүдөбүз.

Ж. Буш, ошондой эле, террорчулардын же террорчу мамлекеттердин АКШга каршы кутумуна жана душмандын агенттеринин Америкага жашыруун өтүүсүнө жол берилбейт деп эскертти.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалымдашынча, Нажаф шаарына жакын жердеги бекетте ирактык 7 аял америкалык аскерлердин огуна кабылып өлгөн, дагы эки адам жарадар болгон.
Лейтенант Чарльз Оуэндин билдиришинче, ирактыктарды тарткан машиненин айдоочусу америкалык аскерлердин абага ок атып эскерткенине болбой, токтобой койгондон кийин жоокерлер ок атууга аргасыз болушкан.
Ишемби күнү граждандык кийимчен ирактык жоокер Нажафтагы бекетке жете келип, өз автомобилин жардырганда, америкалык төрт жоокер өлгөн.

Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттары менен Британиянын аба күчтөрү Ирактын Республикачылар гвардиясынын үч бөлүгүнүн (дивизионунун) Багдаддын чет жакасындагы өңүттөрүнө тындырбай сокку уруп, аларга олуттуу зыян келтирди.
АКШлык күчтөрдүн өкүлү генерал Стэнли Мэккристалдын Пентагондо болгон пресс - конференцияда билдиришинче, чалгындоо маалыматтарына караганда, Ирактын аскерий жетекчилиги бомбалоодон жабыркаган бөлүктөрдү чогултуп кубатын бир жерге топтоого аракет жасоодо.
Анын маалымдашынча, авиаөнөктүк башталгандан бери бутага таамай тийчү 8 миң даана бомба ташталса, анын үч миңден көбүрөөгү жума күндөн бери ташталган.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон дүйшөмбү күнү Вашингтондо өткөн жолугушууда Кошмо Штаттары Ирактагы согуш биохимиялык жана ядролук куралдарга ээ болууну көздөгөн өлкөлөрдү мындай аракетинен баш тартууга мажбурлайт деген үмүттө экенин билдирди.
2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдун башкы сабагы, Болтондун айтымында, айрым өлкөлөрдүн массалык кыргын салчу куралдуу болуусунун жана аларды башкаларга берүүсүнүн алдын алуунун маанисин айкын түшүндүргөнүндө болду.

XS
SM
MD
LG