Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда ишкерликти, айыл жергесинде телекоммуникацияны өнүктүрүү жана почта кызматынын жалпы өлкөдөгү абалы каралды. Жыйында өлкө боюнча 215 миң чакан жана орто ишкерлик субьектилери катталып, алар ички дүң продуктунун 44% ашуунун өндүрүп жатканы белгиленди. Алардын өнүгүшү канааттандырарлык деп табылды. Кемчилик катары өндүрүштүн бул тармагындагылар салыктарды толук төлөбөй жаткандыгы айтылды. Өлкөдө телекоммуникацияны өнүктүрүш үчүн «Кыргызстандагы электр байланышын өнүктүрүү фондун» түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ал эми спутниктик телеберүүнү өнүктүрүш үчүн 2 млн. доллардан ашуун каражат табуу Финансы министрлигине тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG