Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Чет мамлекеттерде 600 миңден ашуун кыргыздар бар


БИШКЕК. Чет мамлекеттерде 600 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алардын 370 миңи Өзбекстанда, 160 миңи Кытайда, 55 миңи Тажикстанда, 2 миңге чукулу Түркияда жана бир нече миң кыргыз башка мамлекеттерде жашайт. Бул маалыматты бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Мамлекет тарабынан кыргыздардын тарыхый мекенине кайрылып келиши үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бирок кайрылып келгендер бул жерде тушуккан эң татаал маселе алардын жарандыгына байланыштуу болууда. Алар башка мамлекеттин жараны болгондуктан Кыргызстандын жарандыгын алуу маселеси татаал бойдон калууда. Бул маселени аларга иммигрант статусун берүү менен чечүү каралып жатат. Анткени мындай статус алган адамдар укуктук жактан Кыргызстандын жарандары менен теңделет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG