Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

«Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирди


БИШКЕК. Бүгүнтөн тартып Кыргызстанда «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, бул мыйзам корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан. Ага ылайык акционердик коомдордун директорлор кеңеши жалпы жетектөөчүлүк милдет аткарат. Аны болсо аткаруучу органдар акционерлердин жалпы чогулушунда шайлайт. Ревизия комиссиясы акционерлердин добушу менен шайланып, толук көз карандысыз болот. Мыйзамдагы дагы бир жаңылык – мамлекеттик кызматта иштеген адамдар жана депутаттар бир да акционердик коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт. Андан тышкары мыйзамда «акциялардын номиналдык наркы» деген түшүнүк жоюлду. Уран Абдынасыровдун айтымында, ал финанасылык көз боемочулукка жол бербейт. Кыргызстанда 1500 акционердик коом бар жана алардын 235 миллион сомдук акциясы, 300 миңден ашуун юридикалык жана жеке акционерлери бар.

XS
SM
MD
LG