Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

«Моя столица» гезити Акыйкатчыга адилеттик издеп кайрылды


БИШКЕК. «Моя столица» гезитинин кабарчысы Лариса Ли Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдеринин адилеттигин жана мыйзамдуулугун карап берүү арызы менен Кыргызстан Акыйкатчысына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким кабарлады.
Лариса Ли гезиттин былтыркы сандарынын биринде «Мерлисайт» фирмасынын акциз салыгын төлөбөстөн Кыргызстанга авиакеросин алып келип саткандыгы жөнүндө макала жазган. Фирма кожоюндары «андагы маалыматтар ишкерлик аброюбузга доо кетирди» деп сотко кайрылып, өз пайдасына гезиттен 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Арызды караган Ленин райондук соту гезиттен «Мерлисайт» фирмасынын пайдасына 500 миң сом өндүрүп берүү тууралуу чечимди 4-декабрда чыгарган. Бишкек шаардык соту ал чечимди 13-мартта күчүндө калтырган. «Арыз менен Акыйкатчыга кайрылгандыгыбызга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылбайбыз», деп билдирди Александр Ким.

XS
SM
MD
LG