Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ ИРАККА БОЛУШУП АТЫШАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 31-мартта араб өлкөлөрү Ирактагы согушту токтотуу маселесин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кароосуна койууну сунуш кылышты. Бейшембиде Ирак маселеси Европа биримдигинин саммитинде талкууланышы күтүлөт.

Беймаалым калууну каалаган араб дипломаттарынын бири Ройтер кабар агенттигине берген маалыматында араб өлкөлөрүнүн Башкы ассамблеяга жолдогон кайрылуусунун артында карапайым ирактыктардын өмүрүн сактап калуу максаты тургандыгын айткан:

- Биз Иракта ок атышууну токтотуп, өлкөнү тынчтык жолу менен куралсыздандыруу процессинин кайра жандантылышын өтүнгөнү жатабыз.

191 мүчө өлкөсү бар Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциялары эл аралык мыйзамдын макамына ээ эмес. Белгилүү болгондой, 15 өлкө мүчөсү болгон Коопсуздук кеңешинин чечимдери, уюмдун Хартиясына ылайык, эл аралык мыйзам күчүнө эгедер жана аны бардык өлкөлөр аткарууга милдеттүү. Ал эми Башкы Ассамблея болсо - кеңешме орган, анын билдирүүлөрү эл аралык коомчулуктун көз карашын чагылдырганы менен өлкөлөрдү эч нерсеге милдеттендирбейт.

Бирок ошого карабастан байкоочулар ассамблеянын Вашингтон менен Лондонду кескин сындаган резолюциясы бул эки өлкөгө сезилээрлик сокку боло тургандыгын айтып жатышат. Мындай сын "диктатор Саддам Хусейндин режимин оңой-олтоң эле жок кылабыз" деп эрдемсинген Вашингтон менен Лондондун ойу ордунан чыкпай ичтен бушайман болуп турган кезде АКШга бир топ катуу эле тиймекчи. Башкы Ассамблеянын жыйынын болтурбоону көздөгөн АКШлык дипломат мындай дейт:

- Башкы Ассамблеянын сессиясын чакыруунун зарылчылыгы жок, деп ойлойм. Андай жыйын уюмдагы жиктелүүнү тереңдетет. Андан көрө ирактыктардын жагдайын жыйын трибунасынан эмес, жерден чечкенибиз оң.

Малайзиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Растам Махд Иса бейтарап өлкөлөр Башкы Ассамблеянын төрагасынын орун басары, Португалиянын уюмдагы өкүлү Госало Санда Клара Гомеске кат жолдоп, ассамблеянын чукул сессиясын чакыруусун өтүнгөнү жатканын билдирген. Санта Клара Гомес Башкы Ассамблеянын төрагасы, чехиялык дипломат Ян Кавандын милдетин убактылуу аткарып жатат.

Ирактагы согушту токтотуу маселеси өткөн аптада Коопсуздук кеңешинде араб мамлекеттеринин демилгеси менен талкууланган, бирок добушка койулган эмес. АКШ менен Британиянын вето койушунан чочулаган Коопсуздук кеңешинин араб мүчөлөрү маселени добушка койуудан акыркы саамда айнып калышкан. Анткени Вашингтон менен Лондондун ветосу Ирактагы согушту мыйзамдаштырганга тете болмок.

Араб өлкөлөрүнүн Башкы Ассамблеянын чукул сессиясын чакыра алаарынан күмөн санагандар да жок эмес. Андай жыйын ички жана сырткы оппоненттердин чырагына май тамызат, деп чочулаган Вашингтон эки жумадан бери бир катар өкмөттөр менен тымызын сүйлөшүп, аларды ассамблеянын чукул жыйынына каршы чыгууга көндүргөнгө аракеттенип жатат.

Буш менен Блэрдин камтама болушуна негиз бар. Анткени алардын "Саддамдын режимин чагылгандай тез тийип, кыйратабыз” деген ойу ишке ашпай, согуш узакка создугуп кетчүдөй болуп турат. Германиянын ZDF аттуу телеканалы америкалык аскерлерди Иракта эч ким кучак жайып тосуп албаганын, Саддамдын режимине каршы көтөрүлүш да чыкпаганын билдирет. Багдадга умтулган коалициялык өнөктөр өлкөнүн түштүгүндө Ирак аскерлеринин айыгышкан каршылыгына туш болуп, бир топко алагды болуп калышты.

Экинчи фронтту ачуу да өтө жай баракат жана көп мээнет менен ишке ашырылып жатат. Багдаттын өкмөттүк имараттарынын баары бомбаланды, бирок Саддамдын режими дагы эле бийликте. Мекени үчүн өмүрүн кыйууга даяр жан кечти ирактыктардын кол салуулары да көбөйүп баратат. Андай кол салуудан кооптонгон Америкалык аскерлер дүйшөмбүдө Нажаф деген жерде машинеде бараткан жоон топ балалуу аялды атып салышты. Жарадар жана курман болгондор карапайым ирактыктардын ичинде эле эмес, америкалык жана британиялык солдаттардын катарында көбөйүп барат.

Байкоочулар мындай жагымсыз фактылар Еврошериктештиктин тышкы иштер министрлеринин бейшембиде Брюсселде боло турган саммиттинде кызуу талкууга негиз боло турганын жана саммитке катышууну пландаштырып жаткан АКШ тышкы иштер министри Колин Пауэлл европалык кесиптештеринин курч суроолоруна жооп берүүгө мажбур боло тургандыгын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG