Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Борборазияда адам укуктарынын абалы дале өзгөргөн жок


Мамлекеттик катчынын жардамчысы Лорн Крэйнер Кошмо Штаттары 2001-жылдан бери демократия жана адам укуктары боюнча региондогу долбоорлорго сарптаган каражаттарын 200-400 процентке көбөйткөнүн,бирок айрым бир болор-болбос жылыштарга карабастан абал иш жүзүндө өзгөрбөгөндүгүн белгиледи.Ондогон жылдары бою бекем таралып, тамырлап келген совет стилиндеги саясий маданият бир түндө эле өзгөрүп кетпейт. Ошондуктан адам укуктарынын абалы региондогу беш өлкөдө тең начар бойдон
калды, деп айтты Крэйнер. Түркмөнстандагы жагдай докладда айласыз жаман деп бааланган. Казакстанда маалымат каражаттарын куугунтуктоо күч алган, Өзбекстанда саясий оппоненттерди жазалоо улантылууда, Тажикстанда кырдаал өзгөргөн эмес, Кыргызстанда айрым гезиттерге кысым жасалууда. Ошол эле учурда жаңы басма сөз борбору ачылганын, адам аткезчилигине каршы чаралар көрүлгөнүн мамлекеттик департамент Кыргызстандагы оң жылыш деп баалаган.

XS
SM
MD
LG