Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Бүткүлдүйнөлүк экономикалык форумдун Пекиндеги конференциясы күзгө калтырылды


Башта пландалгандай,бул жыйын 14-апрелде ачылмак,бирок ал октябрда же андан кийин болушу мүмкүн. Буга мурда белгисиз өпкө илдетинин таралышы себепкер болду. Аталган илдеттин биринчи фактысы Кытайда быйыл февралда катталган эле, андан бери 1600дөй адам ооруп, алтымыштан ашууну каза тапты. Илдет азыр түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнө жайылды. Европалык көптөгөн өлкөлөр, АКШ жана Канада өз тургундарын аталган регионго баргандан сактандырууда. Гонконгдун бийликтери илдетке чалдыккан 240тай адамды атайын жайга которуп, аларды жалпы коомчулуктан обочологонго аргасыз болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG