Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы бүгүн Түркияга келет


Колин Пауэлл Анкарада түрк жетекчилери менен азыркы аскери кампания маалындагы кызматташуу проблемаларын талкуулайт. Түркия коалициялык күчтөргө аба мейкиндигин ачып берди,бирок аскери базаларды пайдаланганга уруксат берген жок. Анкарадан соң АКШнын мамлекеттик катчысы Бельгияга барат жана Брюсселде ал согуштан кийинки Иракты кайра тикелөө маселесин талкуулайт. Евросоюздун өкүлү ырастагандай, Пауэллдин визити маалында союздун жетекчилиги Вашингтондун позициясын кунт коюп угуп,аны түшүнгөнгө аракет кылмакчы. Брюсселде Пауэлл орус тышкы иштер министри Игорь Иванов менен да жолугушат.

XS
SM
MD
LG