Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

ӨКМӨТ ЖЫЙЫНЫНДА ИШКЕРЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ТУУРАЛУУ ПРОГРАММА КАНААТТАНДЫРАРЛЫК ДЕП ТАБЫЛДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда ишкерликти өнүктүрүү жана айыл жерлерин жана алыскы райондорду телефондоштуруу маселелери каралды.

Шейшемби күнкү өкмөт жыйыны анын мурунку күнү болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны жөнүндөгү премьер-министрдин пикири менен башталды.

- Кечээ биз жылуулукту кантип үнөмдөө, инновациялык технологияны кантип жайылтуу жана башкалар тууралуу Матеевдин «акысыз» кеӈештерин уктук. Алардын баары өкмөттүн токтомдорунда чагылдырылган болчу. Айрым жетекчилер өкмөттүн маанилүү токтомдорун билишпейби деген ойго келесиӈ. Ошондуктан «Энергосекторду стабилдештирүү боюнча иш-чаралар» деген, өткөн жылдын августунда кабыл алынган өкмөттүн токтомунун аткарылышын текшергиле деп тапшырма бердим. Ошого жараша жыйынтык чыгарабыз. Ал жерден эч ким «акысыз» кеӈеш айтып кутулуп кете албайт, - деди өз министрин сындаган Николай Танаев.

Андан ары өкмөт башчысы энергетика темасын улантты:

- Биздин электр энергиябыздын Казакстанга да, Өзбекстанга да кереги жок. Алар жетиштүү көлөмдө суу топтоп алышты. Алар ашып кетсе 500 млн. квт. саат электр энергиясын алышат. Биз дайыма кыштан электр энергиясынын экспортунун жардамы менен чыкчубуз. Быйыл кыйыныраак болот.

Андан кийин өкмөт мүчөлөрү күн тартибиндеги биринчи маселе - « Ишкерликти өнүктүрүү боюнча 2001-2003 жылдарга эсептелген программанын» аткарылышын кароого өтүштү. Бул маселе боюнча доклад жасаган Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камила Кененбаева аталган программада анын аткарылышы боюнча 3 критерий коюлганын, ал критерийлердин экөөсү аткарылганын, бирөөсү аткаруу алдында тургандыгын маалымдады:

- Программанын мөөнөтү азыр бүтө элек. Аны 2 параметр боюнча аткардык. Чакан жана орто ишканалардын саны 200 миӈ болуш керек болчу. Азыр ал 215 миӈге жетти. Экинчи параметр – чакан жана орто бизнесте иштеген адамдардын саны жалпы иштегендердин 60% түзүш керек болчу. 2003-жылдын 1-январында ал андан ашты. Биз программаны бир көрсөткүч боюнча аткара элекпиз. «Чакан жана орто бизнес ички дүӈ продуктунун 45% берет» деп жазылган жери бар. Биз аны азыр 44,3% жеткирдик. Программанын мөөнөтү бүткөнчө аны да аткарабыз.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр программада белгиленген иш-чаралар ийгиликтүү аткарылып жатканы менен чакан жана орто бизнес көмүскөдөн чыга албай жаткандыгын, алардын өкүлдөрү дагы эле салык төлөбөй жүрүшкөнүн белгилешти.

Жыйында айыл жерлеринде жана алыскы райондордо телекоммуникацияны өнүктүрүү маселеси да каралды. Бул боюнча доклад жасаган вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев мурда Советтер Союзунун учурунда айылдарды ирилештирүү саясаты жүрүп, «айрым айылдар келечексиз» деп телефон түйүндөрү коюлбагандыгын, азыр айыл чарбасы дыйкан чарбаларына өтүп, тескерисинче, айылдар майдаланып жаткан кезде алар заманга жараша телефондорго муктаж болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында Кыргызстанда 1801 айыл болсо, анын 543 үндө телефон таптакыр жок. 200 айылдын тургундары Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпайт. Айыл жеринде телефон байланышы өзүн-өзү актабагандыктан ага «Кыргызтелеком» дотация берип келген. Эми «Кыргызтелеком» менчиктештирилгени жатат. Ошого байланыштуу айылдар телефон байланышы жок калышы мүмкүн. Андыктан Кубанычбек Жумалиев Электр байланыштарын өнүктүрүү боюнча фонд түзүүнү сунуш кылды. Өкмөт мүчөлөрү бул сунушту колдоп, тиешелүү токтом кабыл алышты.
XS
SM
MD
LG