Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ, СУЮЛГАН ТОКОЙ, «КОЛОМТО» КѲРСѲТҮҮСҮНҮН ТАГДЫРЫ


Кыргыз басылмаларында Коопсуздук Кеңешинын жыйыны, Кочкордун Сарыбулак айылынын жанындагы кандуу окуя, Ирак согушу, кыргыз токоюнун абалы, Чыңгызхан тууралуу талаш чагылдырылууда.

Дүйшөмбүдө өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өткөн. Президент А.Акаевдин ал жыйында сүйлөгөн сөзүн шейшембидеги «Эркин тоо», «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу», гезиттери жарыялашты. “Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй,- деп айтты президент А.Акаев,- туташ коррупцияны мамлекеттик ресурстарды абийирдүүлүк менен башкаруу аркылуу гана жоюуга болот». Коррупциядан көңүлү калган президент жыйында Абийирдүү башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүү зарылдыгына басым жасады. “Бул жаңы стратегиянын башкы багыты болот, - дейт ал. - Бул багыттагы ийгилик, ириде, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн жеке позициясы менен жеке салымына байланыштуу”.

Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% бир аз ашкан жери токой, жыл сайын 3 миң гектирден ашуун жерге көчөт отургузулуп, бирок кароонун жоктугунан алардын кыйласы куурап калаарын “Кыргыз туусу” гезитинде Токой чарба кызматынын төрагасы Туратбек Мүсүралиев маалымдайт. Анын айтымында, өткөн жылы токой мыйзамын бузуунун 3000ден ашуун учуру катталган, келтирилген зыян жарым миллион сомго жакын акчаны түзгөн.

XIII кылымда кылычынан кан тамган, колу жеткен жердин баарына канабайрам салган Чыңгызханды кан ичкич басып алуучу эмес, түркий калктарга кайрымдуу жетекчи катары сыпаттоо Казакстандын айрым басылмаларында колдоого алынганы, жазуучу Мухтар Магауиндин аракети менен бул тенденция күчөп баратканы Мухтар Шахановдун “Чыңгызхандын чыры жана чындык» деген маегинде баяндалган. “Улан-Удэдэ Чыңгызханды даңазалаган чоң конференция өтүптүр, - дейт Мухтар Шаханов. - Мында да катышуучулардын айрымдары Ч. Айтматов экөөбүзгө асылышты. Моңголдор Чыңгызханга арнап бийиктиги 20 метр, тогуз кол башчысына арнап бийиктиги 17 метр, наркы 19 миллион АКШ доллары болгон эстелик орнотууга чечим кабыл алышты. Эгер ар бир эл өздөрүнүн тирандарын ошентип актап ала берсе, анда эртең Гитлерди да актап алышы мүмкүн».

Дипломатиялык жумуштун аты улук болгону менен жоопкерчилиги жогору экендиги, эгемендик келгени республиканын Тышкы иштер министрлигинде жумуш арбыгандыгы тууралуу шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде Лира Сабырова ой жүгүрткөн. Анын айтымында, айрым таасирдүү адамдар бала-бакырасын дипломатиялык кызматка аке-жакелеп жатып өткөрүшөт, анан анысын тезинен чет өлкөгө иштөөгө жөнөтүш үчүн кадыр-колкосун ортого салышат.

Аксы алааматынын капшабында чырактай уулунан ажыраган Анарбай Үмөталиев күч министрликтерине 6 ирет кат жазганы, бирок Элдияр Үмөталиевди атып өлтүргөндөр эмдигиче жазалана электиги шейшембидеги “Республика” гезитинде маалымдалат. 23 жаштагы Элдияр Үмөталиевди Кербенде үйүнүн жанында турган жеринен машинадагылар атып кетишкен. Гезитте бир топ бейөкмөт уюмдардын Кошмо Штаттардын Конгрессине, эл аралык укук коргоо уюмдарына багышталган кайрылуусу жарыяланган. “Демократия күрүлдөп танке жүрүшкө чыга албайт, - деп жазат ачык кат ээлери, - баллистика ракетасына учкашып уча албайт, демократия жетпейт деген жерге бомба болуп түшпөйт, күч менен демократия орноткусу келгендер абдан жаңылышат”.

Ирак согушунун чыгышына Саддам Хусейндин диктатордугу себепкер экендигине Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Жон О ’Киф шейшембидеги “Аалам” гезитинде жарыяланган маегинде токтолгон. Элчинин айтымында, АКШ Түркмөнбашынын же Каримовдун, Назарбаевдин режимин өзгөртүүгө куштар эмес, анын үстүнө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин Саддам Хусейн менен салыштырууга болбойт.

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн жетекчилиги жаңылангандан бери «Коломто» көрсөтүүсүнө бут тосуулар көбөйүп, ага бөлүнчү убакты-саат кыскартылып жатканы көрсөтүүнүн автору Бейшенбек Бекешовдун “«Коломтонун» коломтосу өчөбү же Т. Айтикееванын жаңы “реформасы”» деген маегинде баяндалат.

Кыргызстанга мыйзамсыз кирген келгиндер көбөйүп, аларга айрым мамлекеттик мекемелер шарт түзүшкөнүнө шейшембидеги “Агым” гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков “Миграция. “Жалпынын үйү” – жатак” деген макаласында токтолгон. Автордун ырастоосуна караганда, Шри-Ланкадан келген 16 адамга паспорт жасап берүүгө Кыргызстандын Араб Эмиратындагы генералдык консулдугу уруксат берген.

2001-жылы октябрда “Кыргызэнерго” акционердик коому жетиге бөлүнүп, мунун натыйжасында тармак алдыга жылат деген өкмөттүн үмүтү ишке ашпай калганы Вячеслав Тимирбаевдин «Моя столица” гезитиндеги макаласында талдоого алынган. Автордун айтымында, кыргыз өкмөтү тармак абалын жакшыртуунун жолун таба элек, четтен келчү кеңешчилер эмне айтат деп күтүп жаткан чагы.

Долондун түшө беришиндеги Сарыбулак кыштагынын жанында болгон кандуу окуянын чоо-жайы шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде кабарланды. Гезиттин маалымдоосуна караганда, Кытайдан товар алганы кетип бараткан ишкерлердин ар биринин жанында 500 миңге жакын доллар бар болчу.
XS
SM
MD
LG