Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэлл Анкарага келди


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 1-апрелдин кечинде Түркияга учуп келди.
Ал Анкарада премьер-министр Режеп Тайып Ердоган, тышкы иштер министри Абдулла Гүл жана президент Ахмед Неждет Сезер менен кездешет.
Пауэлл Түркиянын жетекчилигин Ирактын түндүгүндө кошумча аскер жөнөтпөөгө чакырат деген божомол айтылууда.
Түркия ирак күрддөрүнүн автономиялуу же күнкорсуз болушу түркиялык күрддөрдү эгемендик күрөшүнө түртөт деп кооптонот.
Түркия америкалык учактарга өз аба мейкиндигин пайдаланууга берип, бирок америкалык аскерлердин Түндүк Иракка Түркия аркылуу өтүүсүнө макул болбой койгон.
Пауэлл Түркиянын жетекчилиги менен согуштун Түркиянын экономикасына тийгизген таасирин жана Саддамдан соңку Ирактын экономикасын калыбына келтирүү маселесин да талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG