Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

“Саддамдын режими багынып бермейинче, Ирактагы согуш бүтпөйт”


АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд шейшемби күнү Пентагондо болгон пресс-конференцияда Ирак өкмөтү АКШнын ырасмий адамдары согушту тез бүткөрөбүз деген үмүттө Ирак лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө деген айын сөздөрдү таратканын жана Саддамдын режими багынып бермейинче, согуш бүтпөсүн айтты:
- Саддам Хусейндин режими менен эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Саддам Хусейн жана анын режими бийликте турган кезде, согуш бүтпөйт. Анын мезгили жакында бүтөрүнө эч кандай күмөн жок экенин айта кетем. Коалиция режим менен талкуулоочу бирден бир нерсе– алардын эч шарты жок багынып берүүсү.
АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын төрагасы генерал Ричард Майерс ушул эле брифингде ирактык күчтөргө каршы катуу согуш жүрүп жатканын жана коалициянын аскерлери даяр болор менен өтө чоң чабуул башталарын маалымдады.
Коргоо министри Д.Рамсфелддин Ирактагы аскерлердин санын жана каруу жаракты көбөйтүүнү каалабагандыгынан улам Рамсфелд менен анын ортосунда келишпестиктер болушу ыктымал деген маалымат каражаттарындагы кабарларды Майерс негизсиз сөзгө чыгарды. Майерстин сөзүнө караганда, Рамсфелд аскерий жетекчиликтин бир да өтүнүчүн аткарбай калтырган эмес.
Ирактын вице-президенти Таха Ясин Рамада «өлүм эскадрону» бомба чабуулун токтотпой турганын кайрадан эскертти.
Ирактын маалымдоо министри Мохаммад Саид ас-Сахаф шейшемби күнү улуттук телеканалдан президент Саддам Хусейндин кайрылуусун окуп берди. Саддам катында ирактыктарды баскынчы күчтөргө каршы жихадга чакырып, “Жихад - бул парз” деген.

XS
SM
MD
LG