Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Ирак согушу: соңку кабарлар


АКШлык күчтөр кечээ кечинде Багдаддан түштүк тараптагы Кербела шаарчасынын четиндеги Ирактын Республикачыл гвардиясынын өңүттөрүнө бомбаны жана ракетаны “көнөктөп куйгандай” жаадырды.
Күндүз Багдадка барчу үч даңгыр жолдун бириндеги Дивания шаарынын ичинде жана четинде АКШнын деңиз аскерлери менен Республикачылар гвардиясынын бөлүктөрүнүн айоосуз салгылашуусу болгон.
Кабарчылардын билдиришинче, коалициянын Багдаддан 80 чакырымдай түштүктөгү аймакка жасаган авиачабуулунан көптөгөн карапайым адамдар набыт болгон.
АКШнын Борбордук командачылыгы бул маалымат иликтенүүдө деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG