Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Колин Пауэлл куткаруу-издөө иштерин өткөрүүдө жана калкка гуманитардык жардам жеткирүүдө Түркиянын территориясын пайдаланганга ырасмий Анкара макул болгондугун билдирди. Түндүк Ирактагы кырдаал толук контролдо турат, бул жерге түрк аскер контингентин киргизүүнүн зарылдыгы жок,
деп билдирди Пауэлл. Вашингтон аталган районго түрк аскерлеринин киргизилиши жергиликтүү күрттөрдүн куралдуу каршылыгын пайда кылып, Ирактагы аскерий операцияны татаалдантып жиберет деп чочулайт. Пауэлл түрк тышкы иштер министри Абдулла Гүл,андан соң премьер-министр Режеп Эрдоган, армиянын башкы колбашчысы генерал Хилми Озкөк, акырында президент Ахмед Сезер менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бүгүн кечинде ал Анкарадан Брюсселге жөнөп кетет, орто жолдо Белградга токтоп өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG