Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Согуштан кийинки Иракты ирактыктар өздөрү башкарат


Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро жакынкы күндөрдө бул маселе боюнча Германиянын, Россиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен атайын сүйлөшүүлөрдү баштайт. Стро ошондой эле британ өкмөтү Иранга жана Сирияга каршы кандайдыр бир аскерий акцияларга катышпай тургандыгын ырастады. Мындай акцияны Кошмо Штаттары деле пландап жатпаса керек, деп айтты Стро. Айрым аңырт кептерде Кошмо Штаттары Ирактан соң Иранга жана Сирияга каршы аскерий аракеттерди башташы мүмкүн деп айтылып жүргөн эле. Британ министри мунун баарын тек гана кайбат-каңшаарга жоруду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG