Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Эл аралык мунапыс уюму Ирак бийликтерин айыптады


Атап айтканда, аскери кишилердин жөнөкөй адамдардай кийинип алып урушкан тактикасын мунапыс уюму аскери кылмыш деп атады, анткени мындай ыкма карапайым тургундардын өмүрүнө коркунуч келтирет. Мунапыс уюму ошону менен бирге коалициялык күчтөрдү калк арасында бөөдө чыгымдарга жол койбоо үчүн колдон келген бардык чараларды көргөнгө чакырды. Укук коргоочу эл аралык экинчи бир уюм – “Чек арасыз репортерлор” – Багдадда ирак телевидениесинин кеңсеси бомбалангандыгын айыптап, ишти иликтеп чыгууну талап кылды. Телерадиоборбордун аскерий обьект катары бомбаланышы, укук коргоочулардын баасында, эл аралык гуманитардык мыйзамдардын бузулушу катары каралышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG