Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Нарын облусуна Монголиядан делегация келди


НАРЫН. Бүгүн Нарын облусуна Монголиядан делегация келди. Курамына негизинен айыл чарба адистери жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү кирген делегацияны Монголиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Омар Балас Галан Чоюндон мырза баштап келди. Делегация эртең облус губернатору Аскар Салымбековдун кабыл алуусунда болуп, анда ар кыл тармактар боюнча кызматташуу маселелери талкууланат. Ошол эле күнү монголдуктар мал киндиктүү Атбашы районунда болуп, айыл чарбасынын абалы менен таанышат. Ушуга байланыштуу постсоветтик мезгилде Монголиянын Чыгыш Гоби аймагы менен Нарын облусунун ортосунда ар тараптуу мамилелер болуп келгендигин айта кетсе болот.

XS
SM
MD
LG