Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Кытайлык адистер Нарын облусунда болгон трагедиянын себептерин иликтөөгө катышууда


БИШКЕК. 27-мартта 21 адамдын өмүрүн алып кеткен трагедияны иликтөөгө салым кошуу максатында Кытайдан Кыргызстанга 16 кишиден турган эксперттик топ келди. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Кытай боюнча адиси Азат Эркебаев билдирди. Анын айтымында, кытайлык топтун курамында бул мамлекеттин Коомдук коопсуздук, Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин жана Синцзян-Уйгур Автономиялуу Облусунун өкүлдөрү бар. Алар шаршемби күндөн тартып кыргыз тарап менен макулдашып 27-марттагы трагедияны иликтөөгө киришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрлик калкка кайрылуу менен чыгып, 27-марттагы кылмыштын бетин ачууга көпчүлүктөн көмөк сурады. Кайрылууда кылмыштын бетин ачууга жардам берген маалыматты айткан адамга 1 миллион сом сыйлык берилээри айтылып, ал адамдын аты-жөнү жашыруун калаарына кепилдик берилген.

XS
SM
MD
LG