Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

ЭРКИН ГЕЗИТТИН СОҢКУ ҮМҮТҮ АКЫЙКАТЧЫДА КАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өлкөдөгү коррупция, экономикалык кылмыштуулук жана мамлекет башчысынын үй-бүлөсүнүн жеке ишмердүүлүгү тууралуу эң көп жазган «Моя столица» гезитине учурда райондук, шаардык соттордун өкүмү менен бир жарым миллион сомдон ашуун айыппул салынды. Мынчалык айыппулду төлөй албаган гезит жабылуу коркунучунда турат. Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Александр Ким «Азаттыктын» кабарчысы менен ой бөлүшөт.

- Александр Александрович, буга чейин сиз жетектеген гезитке каршы канча доо арыз каралды жана соттордун чечимдери кандай болду?

- Соңку жарым жылдын ичинде биздин гезитке каршы 20га жакын доо арыз берилди. Алардын көпчүлүгү биринчи сот инстанциялары тарабынан каралып бүттү. Онго жакын сот иши боюнча биз апелляциялык арыз менен кайрылдык. Дээрлик бардык сот иштери боюнча гезит бир нече миң сом айыпка жыгылды. Мен анын баарына токтолбой эле, айрым көпчүлүктүн көңүлүн бурган сот иштерине токтолоюн.

Маселен, гезиттин кабарчысы Замир Өсөров Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин өлкөнүн түштүгүнөн курултайга катышканы Бишкекке келген жарандарды күч менен депортация кылгандыгы тууралуу жазганы үчүн биринчи сот инстанциясы гезитти күнөөлүү деп тапты. Редакцияга 100 миң, ал эми кабарчыга 5 миң сом айып салынды. Сот жараянында министрликтин өкүлдөрү далил катары расмий көрсөтмө, жардыктарды көрсөтүштү. Чын-чынына келгенде милициянын карапайым жарандарга карата жасаган ырайымсыз, мыйзамсыз аракетин эч кандай документ менен түшүндүрүүгө болбойт.

Мындан тышкары биздин гезит мамлекет башчысынын күйөө баласы Адил Тойгонбаевге тиешелүү ишкана өлкө казынасына салык төлөбөй, күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз саткандыгы тууралуу макала жарыялаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Биз келтирген жүйөлөргө карабай сот «гезит күйөө бала жөнүндө туура эмес жазган» деп, редакцияны 500 миң, кабарчыны 10 миң сом айыпка жыгуу тууралуу өкүм чыгарды. Биз ага нааразы болуп, шаардык сотко кайрылсак ал да райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мындан тышкары райондук сот өкмөт башчысы Николай Танаевдин гезитке каршы берген доо арызына байланыштуу гезитти 500 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул гезитке байланыштуу эң көп суммадагы сот жараяндары. «Мерлисайд» боюнча шаардык соттун чечиминен соң биз айласыздан сотторго ишенбей Акыйкатчыга арыз менен кайрылдык.


- Александр Александрович, Акыйкатчы бул маселе боюнча кандай чечим чыгарышы мүмкүн? Иш жүзүндө Акыйкатчы буга чейинки соттордун чечимин жокко чыгара албайт да?

- Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык Акыйкатчыга көзөмөл кылуу ыйгарым укугу берилген. Акыйкатчы жарандардын укугу бузулган учурда өз көз карашын айтууга укугу бар. Учурда сот менен редакциянын ортосунда карама-каршылык пайда болду. Биздин оюбузча соттор жетишээрлик жүйөлөргө карабай мыйзамсыз чечим кабыл алышты. Натыйжада биздин укугубуз бузулду. Биз үчүн Акыйкатчынын көз карашы абдан маанилүү. Эгер Акыйкатчы «соттордун редакцияга карата жасаган аракеттери мыйзамсыз» дей турган болсо, биз гезит аркылуу өз окурмандарыбызга «өлкөдө көз карандысыз сот жок» деп айтууга моралдык укук алабыз.

- Сиздердин гезитке каршы мына ушундай аракеттер эмне менен аякташы мүмкүн?

- Учурда гезит бир жарым миллион сом айыпка жыгылды. Бул эми ар бир адамга түшүнүктүү эле нерсе. Акыры барып бийлик, өлкөдөгү мамлекеттик коррупцияны, президенттин үй-бүлөсүнүн мыйзамсыз аракеттерин коомчулукка маалымдаган гезитти жабат. Анткени гезиттин мынча айыппул төлөөгө кудурети жетпейт. Буга чейин гезиттин банктагы эсеби жабылган. Биздин оюбузча, жакын арада сот аткаруучу келет да, редакцияны «банкрот» деп жарыялайт. Андан соң гезит жабылат.
XS
SM
MD
LG