Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

«ГОНКОНГ САСЫК ТУМООСУНА» КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ КЫРГЫЗСТАНДЫК ДАРЫГЕРЛЕР ДАЯРБЫ?


Быйыл февраль айында пайда болгон «Гонконг сасык тумоосуна» же «Гонконг өпкө оорусуна» чалдыккандардын саны, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун акыркы маалыматтарына караганда, 1900гө жетти. Кесепеттүү дарттан 64 адам каза тапты. Чек арага карабай, улут ылгабай өтө тездик менен жайылган кеселдин алдын алуу боюнча Кыргызстанда кандай иштер жасалууда? Кокусунан бул оору Кыргызстанга да келип жетсе, аны менен күрөшүүгө дарыгерлердин шаасы жетеби?

«Гонконг сасык тумоосу» деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон өпкөдөн кагынуу оорусунун жаңы түрү кыргызстандык дарыгерлердин да үшүн алууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары, республиканын башкы санитардык дарыгери Людмила Штейнке 19-мартта № 12-токтомго кол коюп, анда бул дартка каршы күрөшүү максатында дарыгерлер эмне иштерди жасай турганы аныкталган. Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Зуридин Нурматовдун айтымында, аталган токтомго ылайык оорунун алдын алуу максатында чет өлкөлөрдөн учак, поюз жана автоунаалар менен келүүчү жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөдү.

- Учактардан түшкөн жүргүнчүлөрдү текшере баштадык, - дейт Зуридин Нурматов. - Ал үчүн учкучтарга, стюардессаларга жана «Манас» аба майданынын санитардык дарыгерлерине оорунун белгилери тууралуу маалымат берилди. Биз Кытайга каттоочу учактарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындан тышкары Кытайдан келчү автоунааларды да тыкыр текшере баштадык. Торугарт, Эркечтам кайгуул бекеттериндеги санитардык көзөмөл күчөдү. Поюздар да каралып жатат. Кытайдан, Түштүк-Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүнөн келе турган учактар «Манаска» түнкүсүн конот. Ошого байланыштуу кошумча медициналык кызматкерлерди бөлдүк. Дартка чалдыккан адам болуп калса, же ошондой күмөн туудургандар болсо аларды убактылуу жаткырып, алгачкы медициналык текшерүүдөн өткөрүү максатында 7 керебет койгонбуз.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму ишкерлерди жана туристтерди Кытайдын Гонконг жана Гуандун аймактарына барбай койо турууну суранды. «Ассошиейтед Пресстин» билдиргенине караганда, Гонконгго барып өз өлкөлөрүнө кайткан 9 ишкер кеселди жугузуп алышкан. Каза болгон 64 маркумдун акыркы экөөсү - Канаданын жарандары. Өткөн аптанын ишемби күнү Вьетнамдын Ханой шаарында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун кызматкери Карло Урбани ушул эле «Гонконг сасык тумоосунан» каза тапты. 46 жаштагы дарыгер бул кеселге биринчи болуп чалдыккан америкалык ишкерди Ханойдогу ооруканада дарылап, бул ооруну биринчи болуп аныктаган.

Бул кеселдин биринчи белгилери жана андан сактануунун жолдору тууралуу Жугуштуу дарттардын республикалык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Нуриса Муратова мындай деди:

- Биздин ооруканага бул дартка чалдыгып жардам сурап келген адам, Кудай сактасын, азырынча боло элек. Бул оору өтө коркунучтуу жугуштуу дарттардын бири экен. Ал кадимки сасык тумоо – грипп сыяктуу болуп башталат. Алгач - биз, дарыгерлер, ал учурду инкубациялык мезгил деп коебуз, жашыруун мезгили - адамга жуккандан баштап оорунун алгачкы белгилери байкалганга чейин бир апта өтөт экен. Демек, ким эле болбосун бир апта өткүчөктү бул ооруну жугузуп алганын деле байкабай, беймарал жүрө берет. Алгач адамдын эти ысып, жөтөлүп, башы ооруп, чүчкүрүп, алы кетет. Сасык тумоого окшогону менен, бул дарттын коркунучтуулугу - ошол биринчи күндөрү эле өпкө кагынып, адам дароо каза табышы ыктымал.

Нуриса Муратова оорунун алдын алыш үчүн «сактыкка кордук жок» же «сактанганды сактайм» дегендей мамилени ар бир адам өзүнө жасасын, кайдыгерликке жол бербейли дейт.

- Ар ким өзүнө кам көрүп - анын эч кандай өөнү жок – бетибизди марли менен жаап жүргөнүбүз оң, - дейт Нуриса Муратова. - Кокус сасык тумоого окшогон дарт менен ооруп, чүчкүрүп-бышкырып кала турган болсо дароо эле дарыгерге кайрылган оң. Азыр ар бир үйгө дарыгер барганга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды – сасык тумоонун белгилери пайда болсо дароо дарыгер чакырып же ооруканага бара койгон оң. Кайдыгерликке салып, жумуш же окуу деп жүрө бергендин аягы кайгылуу аяктап калаарын көрүп-билип жатабыз.

Айтор, кыргызстандыктар ансыз да сасык тумоо, кургак учук, безгек сыяктуу жугуштуу оорулардан арыла албай аткан маалда дүйнөдө дагы бир жугуштуу дарт пайда болуп отурат. «Бечелге жөтөлдүн кереги жогу» ырас, бирок дарт жарды-байыңа, жаш-карыңа карабайт тура. Жаңы дартка каршы дары табалбай өнүккөн өлкөлөр алапайын таппай жатканда Кыргызстанды Кудай сактасын дегенден башка арга жок.

XS
SM
MD
LG