Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

ИРАККА КЫРГЫЗСТАНДАН ЫКТЫЯРДУУЛАР БАРЫШАБЫ?


Кыргызстандыктар Ирак согушунун жүрүшүн маалымат каражаттары аркылуу башынан бери ынтызар акмалап келатышат. Акыркы күндөрү «Ирак согушуна катышууну каалаган ыктыярдуулар көбөйүп жатат» деген имиштер эл арасында тарай баштады. Мындай божомолду бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарынын бири да жазып чыкты. Кыргызстандык ыктыярдуулар тууралуу божомолдун чындыкка канчалык жакындыгы бар?

Ирак режимине каршы АКШнын аскерий соккусуна байланыштуу билдирүү тараткан учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Иракка же ага жамаатташ өлкөлөргө баруу максатында виза ачтырууну каалагандар азыр жок экендигин маалымдашкан. Ошондой болсо да акыркы мезгилде «Иракка баруу дымагы бар ыктыярдуулардын саны өсүп атат» деген имиштер эл арасында айтыла баштады. «Кыргызинфо» маалымат агенттиги болсо өлкөнүн түштүк регионунда 1300дөн ашык ыктыярдуулар акча табуу максатында согушка катышууну каалап жатышканын, азыр эми андай ыктыярдуулар Бишкекте да пайда болгондугун бүгүн жазып чыкты. Бирок ушул эле күнү Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын адистери мындай маалыматтардан кабары жок экенин жана анын чындыкка коошпостугун айтып чыгышты.

Эки күн мурда түштүк аймактарын кыдырып кайткан Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов да ушул өңүттө:«Түштүк тарапта Иракка барабыз, аны-муну деген сөз жок. Мен биринчи угуп атам», - деген пикирин билдирди.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Жаныбек Ботоев мындай божомолдор жакында өткөн Иракка каршы митингден улам пайда болушу мүмкүн деген оюн айтты:

- Баягүнү Бишкектеги аянтта согушка каршы акция жүргөн да. Ал жерде негизги масса мусулмандар болгон. Ошондон улам айтып атышса керек. Бирок «барабыз, тиги-бу» деген сөз жок. Айрым «Хизбут-Тахрир» өңдүү жашыруун уюм мүчөлөрү атайын курчутуп жатышы да ыктымал. Акыркы кезде баракча тараткандар пайда боло баштаганы тууралуу маалыматтар айтылууда.

Иракка барчулар тууралуу эч кандай маалыматтары жогун ушул эле күнү Бишкектин «Жаш гвардия» гүлбагын бойлой жумуш күтүп турган жалданма жумушчулардын жоон тобу да айтышты. Бирок алардын арасында Иракка барууну каалагандар бар болуп чыкты.

Маселен, Кубан аттуу жумушсуз жигит:

- Иракка чакырса барам. Согушту күчөтүш үчүн эмес, тынчтык үчүн. Согушту күчөтүп аткан мамлекетти жеңип, тынчтыкты, бейпилдикти орнотуш керек. Өзүбүздүн мусулмандарга жардам бериш керек, - дейт.

Атын атагысы келбеген дагы бирөө мындай дейт:

- Акча үчүн барат элем. Мен ансыз деле аскер адамымын. Отставкадагы майормун. Баткенде согушкам.

Ал эми Шерик аттуу киши Иракка барышты зарыл деп санабайт:

- Мен бармак эмесмин. Мага тиешеси жок.

Жалданма жумушчулар көп каражат табууну самашат. Маселен, биз сурамжылаган онго жакын жалданма жумушчулар согуш болуп жаткан жерге баруу акысына бир айга 3 миң сомдон 30 миң долларга чейинки каражат алууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун Иракка барууну көздөгөн ыктыярдуулар тууралуу да, жалданмалар тууралуу да маалыматтар чындыкка коошпойт деген көз карашта. Анын айтымында, кыргызстандыктарды чет өлкөдөгү эч кандай согуш кызыктырбайт, алар өздөрүнүн тиричилиги менен алек.

- Азыр элдин баары кара курсагын тойгуза албай жүрөт, - дейт Турсунбек Акун. - Эч кандай 1500 кишинин бул жактан барам деген ою жок. 1500 эмес, бир кишинин чыгаарына ишенбейм. Төлөтүү жолу менен барам дегендер да жок. Жүрөгүнөн ойлогон бирин-экин адамдар болот. Бирок чечкиндүү чыгып, ал жакка барам деген эч ким жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG