Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

ООГАНСТАНДАГЫ СОҢКУ КОЛ САЛУУЛАРДЫН СОГУШКА ТИЕШЕСИ ЖОК


Жекшембиде эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Кабулдагы кеңсесине атылган ракеталар соңку күндөрү Ооганстанда чет элдик аскерлер менен эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматчыларына удама-удаа жасалган кол салуулардын азырынча акыркысы болду. Ооганстандын жана эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жогорудагы окуялардын Ирактагы согуш менен байланышы жок экенин айтышууда.

Ооганстандын башкалаасы Кабулду көзөмөлдөгөн эл аралык коопсуздук күчтөрү учурда жекшемби күнкү ракеталык чабуулдун чоо-жайын иликтөөдө. Окуя үчүн кимдир бирөө жоопкер болгон жок. Чабуулдан коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесине зыян келгени менен эч ким жабыр тарткан эмес. Ал эми ооган бийликтери жана жергиликтүү тургундар кол салуу үчүн "ал-Каида" уюму менен талибандын из жашырып жүргөн мүчөлөрүн айыпташты. Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Кабулдагы кеңсеси АКШ элчилигинин имаратына жакын жайгашкан. Мунун алдында да Ооганстандагы чет элдик аскерлер менен жардам көргөзүүчү эл аралык уюмдардын кызматкерлери удама-удаа бир нече кол салууларга дуушар болушкан эле. Өткөн аптанын бейшембисинде Ооганстандын түштүгүндө белгисиз адамдар эл аралык Кызыл Чырым коомунун кызматкерин өлтүрүп кетишти. Жума күнү Хилменд провинциясында америкалык бир жоокер каза таап ,экинчиси оор жаракат алган. Жекшемби күнү АКШ аскерлеринин Ооганстандын чыгышында жана түштүк-чыгышындагы жайгашкан базалары да ракета менен жана минеметтон аткыланган. Ракеталык чабуулга жекшемби күнү Кабулда аскерлерди машыктыруучу борбор да кабылды.

Батыш маалымат агенттиктери Ооганстанда чет элдиктерге каршы жасалып жаткан жогорудагыдай чабуулдар Ирактагы согушка байланыштуу болушу мүмкүн деп жоромолдошкон эле. Кабулдагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Томас Лобберинг андай кол салуулар жасалары мурда эле күтүлгөнүн белгилеп, алардын Ирактагы согуш менен тикелей байланышы жок экенин айтат:

- Биз Ирактагы согуштан улам Кабулда коопсуздук кырдаалы жалпысынан начарлайт деп эсептебейбиз.Бирок экинчи жагынан ,албетте, биз мындай кол салууларга даяр болчубуз жана алтурсун аларды күткөнбүз.

Соңку окуялар Ирактагы согуш менен байланышта болушу мүмкүн деген ырастоолорду ооган бийликтери да төгүндөөдө. Алардын айтымында,талиптер менен ал-кайидачылардын калдыктары, мурдагы премьер-министр Гүлбеддин Хекметиярга жан тарткан куралдуу топтор Ооганстандагы кырдаалды дестабилдештирүүгө согушка чейин эле аракеттенип келишкен. Ооган өкмөтүнүн маалымат катчысы Саид Фазл Акбар белгилегендей, өкмөткө каршы турган топтор ар бир мүмкүнчүлүктү өкмөт өкүлдөрүнө, эл аралык бейпилдик күчтөрүнө , чет элдик жардам көргөзүү уюмдарынын кызматкерлерине зыян келтирүү үчүн пайдаланууда:

- Менимче Ооганстандагы тынчтыкты, демократияны ,стабилдүүлүктү каалабагандар ар убак өлкөнү дестабилдештирүүнү көздөйт жана алардын максатынын Ирактагы окуя менен эч байланышы жок. Ооганстандын жаңы өкмөтү түзүлөр замат эле алар өз нааразылыгын айтып, өкмөткө каршы күрөшөрүн билдиришкен.

Мунун аралыгында АКШнын жана Ооганстандын өкмөттүк аскерлери из жашырып жүргөн талиптер менен ал-каидачыларга каршы аскерий операциясын Улантууда. Ооган бийликтеринин билдиргенине караганда, соңку күндөрү талибандын 130дай жоочусу кармалган. Камалгандардын арасында талибан режими тушунда соода министри, билим берүү министринин орун басары болуп иштеген адамдар да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG