Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:35

АКШ-ИРАК СОГУШУНАН КЫРГЫЗСТАНДЫК ИШКЕРЛЕР ЗЫЯН ТАРТУУДА


Кубат Оторбаев Ирактагы согуштун кесепетинен «Манас» аба майданындагы учактардын каттамына айрым өзгөрүүлөр кирди. Ошол эле маалда Бириккен Араб Эмираттарына туристтерди алып барып жана ал жактан товар ташып келүүчү айрым кыргызстандык фирмалар согуш башталгандан бери бизнеси жакшы жүрбөй, чыгым тарта башташты.

Ирактан миңдеген чакырым алыста жатканына карабай согуштун каскагы Кыргызстанга да тийе баштады. «Манас» аба майданынан көтөрүлүүчү учактардын каттамына согуш башталгандан кийин өзгөрүүлөр кирип, натыйжада бул жүргүнчүлөргө кошумча түйшүк алып келүүдө. 20-марттан тартып Кыргызстандын учактарына тиешелүү кандай каттамдар өзгүрүүгө учураганын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин деректиринин орунбасары Эркин Баязов мындайча негиздеди:

- 20-мартта Эл аралык жарандык авиация уюму бизге дүйнөлүк аба майданындагы каттамдарга кирген өзгөрүүлөр тууралуу жаңы маалыматтарды жиберди. Ага ылайык Индия, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Перс булуңундагы аймактарда, баш-аягы 20дай аба каттамдарынын өзгөргөнү айтылат. Ирактын үстү менен көптөн бери учпай калдык. Себеби 20-мартта АКШ өкмөтү бизге нота жиберип, Ирактын аба майданы Американын аскердик күчтөрү тарабынан жабылганын билдиришти. Атургай, Иран аркылуу өтүүчү каттамдар да кадыресе өзгөрүүлөргө тушукту.

Ошол эле маалда Бириккен Араб Эмираттарына туристерди алып барып, ал жактан товар ташып келүүчү кыргызстандык туристтик фирмалар согуш башталгандан бери мурдагыдай кирешеге туйтунбай, үстү-үстүнөн чыгым тарта башташты. «Айтур» фирмасы Бириккен Араб Эмираттарына апта сайын бир ирет туристтерди алып барат жана ал жактан арзан баада товар ташыйт. Фирманын жооптуу кызматкери Роман Абдиевдин айтымында, 31-мартта Эмираттарга кеткен учакта товардан тышкары, эс алуу максатында бул өлкөгө барууну каалаган бир да турист болгон жок. Бул - мурда болуп көрбөгөн, өтө сейрек окуя:

- Эл азайды. Мисалы, бүгүн биздин фирма аркылуу бир да адам учкан жок. Эл коркконунан дүрбөлөңгө түшүп атат. «Ирактын жанында Сауд Арабстаны бар, демек ал жерге да согуштун капшабы тийет» дегендей жалган түшүнүк калыптанды.

Бириккен Араб Эмираттарынан товар алып келүүгө заказ берген коммерсанттардын да саны азайды дейт ал:

- Азыр товар заказ кылгандардын катары суюлду, атургай жокко эсе деп айтса да болот. Бир эсе элде «товарым келеби же жокпу» деген коркунуч бар. Экинчиден, согуш башталаары менен Бириккен Араб Эмираттарында доллардын курсу түшүп, евро кымбаттады. Ошондон улам товарлардын баасы да мурдагыга караганда өсүп кетти. Кыргызстанга ташылып келчү автотетиктердин, техникалардын наркы да Батыш рыногуна жараша калыптанат. А Батышта болсо евронун такааты жакшы. Ошентип, барып–келип эле товарлардын кымбаттоосунан кыргызстандык сатып алуучулардын капчыгы жукарууда.

Айтып коюш керек, Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттарына туристтерди ташып, ал жактан товар ташуунун аркасында акча жасаган «Айтур» фирмасынан башка да «Авиасервис», «Жеңиш», «Асент» сыяктуу жеке менчик уюмдар бар. Ишкерлердин айтымында, бул фирмалардын баары согуштун кесепетинен зыян тартууда. Алсак, «Айтур» фирмасы аптасына бир жолу туристтерди Эмираттарга алып барат жана бир барганда орто эсеп менен 7-8ден турист каттайт. Ар бир туристтин барышы 560-600 доллар болгондо, «Айтур» сыяктуу фирмалар бир аптада аз дегенде 3000 доллардан чыгаша тартууда. Ишкерлердин минтип чыгашага учурап жатканын «Айым» фирмасынын туристтер менен иштөөчү жооптуу кызматкери Сулайка Урманбетова да бышыктады.

- Эмираттарга каттоону каалаган туристтердин катары суюлду. Ага жараша биз да чыгым тарта баштадык. Көп эсе ишкерлер бизге товар алып келүүгө заказ беришчү. Андай заказдар да азайды. Товарлар машине менен Иран аркылуу келет, муну жакшы билген ишкерлерде «товарларыбызды ташыган унааларыбызды Ирандын аймагында кокусунан бомбалап салбасын» деген коркунуч бар.
XS
SM
MD
LG