Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

АКШ президенти Конгрессти Түркияга 1 млрд долларлык жардам көргөзүү маселесин жактырып берүүгө үндөдү


Вашингтондун басма сөз өкүлү Ари Флейшер бул жаңылыкты жарыялап жатып, Иракка каршы согушта Түркия өз аймагын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тарткан үчүн айрым конгрессмендер бул маселеге каршы чыгышы ыктымал, деп кошумчалай кетти. "Ошентсе да, президент Буш экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан Түркия бул жардамга өтө муктаж деп эсептейт", - деп маалымдады Вашингтондун басма сөз өкүлү. Жакында эле коалициялык күчтөргө өз аба мейкиндигин ачып берген Анкара шаршембиде Ирактагы АКШ баштаган аскерлерди техникалык, материалдык жактан камсыздоо, ирактыктарга гуманитардык жардам жеткирүү маселесинде өз аймагын пайдаланууга макулдугун берген.

XS
SM
MD
LG