Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

БУУ – Ирак мунайы тууралуу


БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын мунай кендерин иштетүү боюнча пландар - өлкөнүн эгемендигин урматтоо менен түзүлүшү зарыл деп эсептейт. Ушул айда Кеңешке төрагалык кылып жаткан Мексиканын элчиси Адольфо Зинсер Ирактагы согушка карата Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү ар башка пикирде болгону менен, Ирактын келечегине тиешелүү бардык пландар өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык биримдигин урматтоо менен кабыл алышы керектигин бекем колдошот, деп билдирди. Зинсер азырынча Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңеши согуштан кийинки Ирактагы иш-чараларды караштыра элек, ага карата даярдыктар жаңыдан башталууда, деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG