Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

СОГУШТАН КИЙИНКИ ИРАК ТУУРАЛУУ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАР


Нарын АЙЫП, Прага Иракка каршы согуш баштоого каршы чыккан Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү азыр согуштан кийинки Ирактагы абалды жөнгө салуу жараянында Бириккен Улуттар негизги мааниге ээ болууга тийиш деген пикирде. Бирок Америка Кошмо Штаттары ага каршы. Улуу Британия болсо бул маселе боюнча башка европалык өлкөлөр тарапка оой баштады.

Дүйнөлүк коомчулуктун макулдугусуз Иракка каршы согуш баштаган Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги согуштан кийинки Иракты башкаруу жана анын эл чарбасын калыбына келтирүү боюнча план түзгөн жана аны ишке ашырууга камданууда. Ал план боюнча, америкалык аскерлер Иракта калып, коопсуздукту камсыздайт, ал эми Ирактын убактылуу бийлигин АКШнын мурдагы генералы Жей Гарнер башкарат. Бул бийлик - Ирактын азыркы жыйырмадан ашык министрликтен турган өкмөтүн алмаштырат, бирок Гарнер баары бир азыркы согуш аракеттерин башкарган генерал Томми Фрэнкске баш ийет.

Мындай план бар болгону менен, кээ бир кабарлар боюнча, АКШ өкмөтүнүн ичинде да согуштан кийинки Иракты кантип башкарыш керек деген маселе боюнча бир пикир жок. Аталган план негизинен Пентагон тарабынан түзүлүп, аны ишке генералдар ашырышы керек болгон менен, Конгресстин атайын чечими боюнча, ан үчүн талаптуу каражат Мамлекеттик катчылык тарабынан бөлүнүүгө тийиш. Ошондуктан АКШнын Эл аралык маселелер боюнча кеңешинин мүчөсү Бетшеба Крокердин "Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысы Жеффри Донованга айтканына караганда, Пентагон менен Мамлекеттик катчылык ортосунда бул маселе боюнча акыркы мезгилде бир топ пикир келишпестиктер болуп жатат.

Мамлекеттик катчылык деп аталган АКШнын Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, согуштан кийинки Ирактагы абалды жөнгө салуу ишинде Бириккен Улуттар негизги мааниге ээ болууга тийиш. Бирок Пентагон ага каршы, анткени биринчиден, алар өз планын ишке ашырууга кызыкдар. Экинчи жагынан, Ирак боюнча экинчи резолюция кабыл алуу маселеси боюнча Бириккен Улуттардагы талкууда АКШ бир жолу утулуп калгандан кийин, ал андай опурталдуу маселени экинчи жолу эл аралык деңгээлде кароону каалабайт.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү жана өзгөчө Европа мамлекеттери - согуштан кийинки Иракты АКШ тарабынан түзүлгөн администрация башкарышы керек деген идеяга каршы. Франциянын айтымында, эгер андай идеяны Бириккен Улуттар жактырса, анда бул уюм азыр болуп жаткан согушту да жактырган болот, бирок Коопсуздук Кеңеши ага уруксат берген эмес. Кээ бир башка өлкөлөрдүн пикиринде болсо деги эле Иракты башкаруу маселесине Бириккен Улуттар өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кетмейинче киришпеши керек, антпегенде ал согушту жактырган болуп калат.

Иракка каршы согуш ачуу маселесинде АКШны такай колдоп келген Улуу Британия дагы акыркы мезгилде согуштан кийинки Иракты кантип башкаруу керек деген маселени Бириккен Улуттар чечүүгө тийиш деп айта баштады. Ал жөнүндө премьер-министр Тони Блэр 2-апрелде парламентте чыгып сүйлөгөндө билдирди:

- Иракты башкара турган жаңы бийлик түзүү маселесинде, өзгөчө ал тууралуу Бириккен Улуттарда талкуу башталганда, кыйынчылыктар болот. Бирок менин оюмча, канчалык ар башка пикир болсо дагы, ал маселе боюнча чечим Бириккен Улуттар тарабынан жактырылууга тийиш экендигин баарыбыз түшүнөбүз.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында болсо, согуштан кийинки Иракты башкарууга Бириккен Улуттар кийлигишпейт жана ал гуманитардык маселелерди чечүү менен гана чектелет. Бириккен Улуттарга бул маселе боюнча АКШ көп деле мүмкүнчүлүк бербей турганын Аннан жакшы түшүнөт.
XS
SM
MD
LG