Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

EВРОПА БИРИМДИГИ ТЫШКЫ САЯСАТЫН “БИРИКТИРЕ” АЛААР БЕКЕН


Ирак согушу Европалык Биримдиктин ичтен бөлүнүп-жарылышына алып келди. Айрым мүчө-мамлекеттер башкалардыкына караманча кайчы келген позициялары жөнүндө союздаштарын алдын-ала эскертип да коюшкан жок. Бирок бир мүдүрүлгөнү менен Европа Биримдиги интеграция идеалдарынан баш тартууга нийеттенген жок. Экономикалык кабелтең пайдубал түзө алган альянс азыр тышкы жана коопсуздук саясатын бир нукка салуунун кандай жолдорун караштырып жатышат? Бул тууралуу Азаттыктын баяндамачысы Брефни Орурк жүргүзгөн иликтөө менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

Европа Биримдиги биргелешкен тышкы жана коопсуздук саясатын бир нече жылдан бери кыйла ийгиликтүү өнүктүрүп келди. Бирок Ирак согушунда Британия менен Испания АКШны жактаса, Франция менен Германия Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши аркылуу гана иш алып барууну талап кылышууда. Натыйжада Биримдик ичинен бөлүнүп-жарылып, анын жогоруда аталган саясатын өнүктүрүү иши үзгүлтүккө учуроонун алдында турат. Айрымдар "бул саясаттын чалдыбары чыгып, пайдасы жок болуп калды" дешүүдө. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр тарыхы жана кызыкчылыктары ар кыл болгондуктан, алардын тышкы саясатта эң урунттуу маселелердин баарында эле бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы кыйын экени башынан эле белгилүү болгон.

Бирок интеграциянын жактоочулары өткөн 50 жыл ичинде Европада экономикалык кызматташттык бүткүл дүйнөгө үлгү болгудай гүлдөп-өнүккөнүн айтып, акырындык менен тышкы саясатты да европалык маңызда калыптандырууга болот деп эсептешет. Конкреттүү идеалар да бар. Мисалы - Европа Биримдигинин элчиликтерин ачуу жана Европалык дипломатиялык академияны ишке киргизүү сунуштары.

Брюсселде чыгуучу «Европа добушу» аттуу апталык басылманын редакторунун орун басары Дана Спинант Европалык дипломатия мүчө-өлкөлөрдүн улуттук саясаты менен чектелбестен, союздук саясатка басым жасашы керек дейт:

- Дипломаттар дүйнөгө улуттук кызыкчылыктан карашат, (бирок) сырткы дүйнө боюнча европалык (бирдиктүү) позиция түзүү үчүн, ар кыл саясий көз караштардын жуукташуусуна жетишүүбүз зарыл.

Спинант таамай белгилегендей, европалыктардын көпчүлүгү Европа Биримдигин эл менен көп иши болбогон бюрократиялык институт деп санашат. Эгер биримдиктин имиджи жакшырса, анын ишине мүчө-мамлекеттерден мыкты дипломаттар тартылмак.

Европа Биримдигинин институттук реформалоо комиссары Майкл Барниер да «бирдиктүү дипломатия» зарыл деп эсептейт. Ал эми дагы бир аналитик, Брюсселдеги Европалык саясатты изилдөө борборунун кызматкери Көрсти Хафс бул максатка жетүүнүн бир жолун Европалык дипломатия академиясынын ишине көбүрөөк көңүл буруудан көрөт:

- Бирдиктүү тышкы жана коопсуздук саясатын өнүктүрүү үчүн бардык (мүчө-өлкөлөр) өздөрүнүн улуттук кызматтарынан дипломаттарды алып келишүүдө. Алардын айрымдары Брюсселде туруктуу иштешет, бирок жалпысынан иш жаңыдан жолго коюлуп жатат. А эгер бүт дүйнөдө европалык ой-туюмдагы дипломаттар жүздөп, миңдеп саналганда, «европалык менталитетте» ой жүгүрткөн адамдардын чоң тобу пайда болмок.

Дана Спинанттын сөзү менен айтканда:

- (Бирдиктүү тышкы саясат) Европанын интеграциясы үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени биз экономикалык интеграцияда бир топ ийгиликке жеттик, эми саясий интеграцияны ушул деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Антпесек Европа Биримдигинин өнүгүшү, жакшы башкарылган эркин соода аймагы (гана) болуп калыш коркунучу пайда болот.

Элчиликтер да - көпчүлүктүн көңүлүндөгү орчундуу маселелердин бири. Айрым эксперттердин ою боюнча, жаңы элчиликтер мүчө-мамлекеттердин элчиликтеринин ордун баспайт, болгону Европа Биримдигине кирген шериктеш өлкөнүн элчилиги аркылуу иштесе, кичирээк улуттар өз чыгымдарын азайтышат.
XS
SM
MD
LG