Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

AKШ МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИ: БОРБОР АЗИЯДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ТЫНЧСЫЗДАНТАТ


Жаркын Темирбаева, Прага Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти 31-мартта дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кезектеги отчетун жарыялады. Отчетто Борбор Азиядагы беш мамлекетте тең демократиялык реформа олуттуу кыйынчылыкка дуушар болуп жатканы жана адам укуктарынын абалы кескин начарлап кеткендиги тууралуу айтылат.

Борбор Азия регионундагы адам укуктарынын абалына арналган бөлүгүндө диний, саясый көз караштагы бир катар жарандар айыпталып, көпчүлүгүнүн үстүнөн кылмыш иштерди ачуу мурдакыдай эле улантылып жатканы көрсөтүлөт. Быйылкы отчетту мурдагы отчеттор менен салыштырып караганда аймакта эч кандай оң жылыштар байкалбаганы белгиленет. Тескерисинчe Борбор Азия чөлкөмүндө адам укуктарынын абалы ого бетер оорлошуп кеткен.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлдин адам укуктары боюнча жардамчысы Лорн Крейнердин айтымында:

- Борбор Азияда адам укуктарынын абалы оор бойдон калууда. Ондогон жылдарга созулган советтик система бир заматта өзгөрүп кетпейт.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан жумурияттарында адам укуктарынын абалы тууралуу жазылган отчеттун баш сөзүндө Казакстанда бийлик конституция боюнча президенттин колуна топтолгон делет. Кыргызстан 1993-жылкы конституция боюнча демократиялык республика деп аталганы менен президент Аскар Акаев иш жүзүндө өкмөттөгү үстөмдүк абалын бекем кармап турат деп баяндамада баса белгиленет. Ал эми Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда болсо-тoталитардык режим өкүм сүрүүдө. Өзбекстан—жарандардын укуктары чектелгени анык авторитардык мамлекет делет баяндамада.

Айтмакчы, Тажикстанда конституциялык референдумга даярдык көрүлүп, 1992-жылы бийликке келген президент Рахмонов өз бийлигин 2020-жылга чейин узартып алууга аракет жасап жатат.

Эл аралык Хельсинки федерациясынын директору Аарон Родестин айтымында:

- Менин оюмча, Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы мындан эки жыл мурдакыдан дурус деп айтууга болбойт. Өзгөчө абактагы абал үрөйдү учурат. Адамдар дин ишеними үчүн түрмөгө салынат. Саясый оппозиция куугунтукталып, жалпы жарандардын саясый укуктары корголбойт.

Ал эми “Жейнс Сентинел Си-Ай-Эс” деген журналдын редактору Алекс Ватанка төмөндөгүдөй пикирин айтат:

- Борбор Азия регионундагы орун алган азыркы абал 1991-жылдагы эгемендүүлүккө жаңы жеткендегиге окшош. Адам укуктарынын Борбор Азиядагы абалы такыр эле өзгөргөн жок.

Эгерде 1991-жылдагы күнкорсуздукка жаңы жеткендеги абалды 2003-жылга салыштырып караганда, Борбор Азия мамлекеттери Батыш үлгүсүндөгү демократиялык коомду куруу багытында эч кандай орчундуу бир иш жасашкан эмес.


Мамдепартаменттин быйылкы докладынан айгинеленгендей, Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы согушка байланыштуу Батыш менен кызматташтыкты жакшыртат деген үмүт акталбаган. Анткени, Ооган согушу башталганда адам укуктарын коргоо уюмдары-- эл аралык коомчулуктун таасири астында Борбор Азиянын мамлекет башчылары бийлик ыкмаларын өзгөртөт деп үмүттөнгөн. Бирок, акыркы бир жылдагы окуялар андай үмүт таш капканын тастыктоодо. Мисалы, «Казакстан демократиялык тандоо” партиясынын лидерлери Галымжан Жакиянов жана Мухтар Аблязовдор өткөн жылы оппозициячыл партияны түзүп жатканда камакка алынып, коррупцияга катышы бар деген жалаа боюнча күнөөлөнгөн. Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов камакка алынып, анын үстүнөн үстөккө-босток кылмыш иштер ачылып, улуттук коопсуздук кызматынын абагында камалып турат.

Мамдепартаменттин отчетунда айтылгандай, казакстандык жана кыргызстандык лидерлер канча жыл мурдагы өтүп кеткен окуя боюнча айыпталып сот жообуна тартылган. Мындан сырткары Казакстандагы коррупция тууралуу жазган көз карандысыз журналист Сергей Дуванов балакатка жете элек кызды зордоду деп айыпталып үч жарым жылга эркинен ажыратылган.

Өзбекстан болсо көз карандысыз журналист Эргеш Бабажанов сыяктуу беш журналистти гезитке чыккан макалалары үчүн күнөөлөп абакка салган. Бейөкмөттүк үч гезит жабылган. Ал эми Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын “тартипке салуу үчүн” аларга каршы сот жараяндары ачылууда. “Республика” жана “Моя Столица” гезиттерине каршы дээрлик жылына же ар ай сайын жаңы сот иштери козголууда. Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанда гана журналисттер макала жазганы үчүн бир жарым жылга сот өкүмү менен журналисттик укуктарынан ажыратылган. Бийликтегилердин кемчилигин ашкерелеген калеми курч журналисттерди кызматтан четтетүү кеңири жайылган көрүнүшкө айланып баратат.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин адам укуктарынын абалы боюнча иликтеген отчетунда Түркмөнстанга карата өзгөчө катуу сын айтылган. Өткөн жылдын ноябрь айында Ниязовдун өмүрүнө кол салууга катыштыгы бар делип мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов баш болгон бир топ адам камакка алынган. Айрым адамдар үй-бүлө, тууган-уруктары менен шектелип камалган. Алекс Ватанканын айтышынча, Борбор Азиядагы беш президенттин азыркы бийлиги учурунда бул өлкөлөрдө демократиялык реформаны жүргүзүү дээрлик мүмкүн эместей. Анткени, эгер алар чыныгы элдик эркин шайлоо өткөрсө бийлигин сактап калалбайт. Ошондуктан демократиялык реформа жүргүзүү алар үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар болот, - деп Ватанка мырза эсептейт.
XS
SM
MD
LG