Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Орус бийликтери ПАСЕнин чечимин сынга алышты


Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын шаршемби күнкү резолюциясында Чеченстандагы согуш кылмыштары боюнча эл аралык трибунал түзүү ишин караштырып көрүү зарылдыгы айтылган эле. Резолюцияда чечен жаңжалына катышкан тараптардын кылмыштуу иштери териштирилбестен калып жатканы белгиленген. ПАСЕнин бул чечимин орус президентинин жардамчысы Сергей Ястржембский жана башкы прокурордун орунбасары Сергей Фридинский россиялык сот системасынын ишине кийлигишүү аракети деп аташты. Бул позицияны орус парламентиндеги депутаттар да колдошту.

XS
SM
MD
LG