Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Дүйнөдө Ирактагы согушка нааразылык билдирген демонстрациялар уланууда


Грециянын борбору Афинада америкалык элчиликтин алдында болуп өткөн митингге 10 миңге чукул киши катышты,ал эми Салоники шаарындагы манифестацияга катышкандардын саны 15 миңдей болду. Бир катар демонстранттар америкалыктарды канкор деп аташты. Демонстрациялар бүгүн Индонезияда, Малайзияда жана Филиппинде да болду. Таиландда намаз жумадан кийин 30 миңдей киши жыйын өткөрүп, Ирактагы согушту токтотуу талабын айтышты. Ирандын президенти Мохаммад Хатами Ирактагы согуш дүйнөдө террорчул уюмдарды активдештире тургандыгын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG