Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Согуштан кийин Ирактагы саясий кайра курууларда ООН чечүүчү роль ойноого тийиш


Бул тууралуу бүгүн парламентте чыгып сүйлөп, Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр билдирди. Канцлердин пикирине ылайык, Ирак калкы өз келечегин өзү аныктоого тийиш. Өлкө тургундарынын укуктары кепилденип, мунай жана башка табигый байлыктар ирак калкынын контролдугунда калууга тийиш. Канцлер жакынкы аралыкта Саддам Хусейндин режими кулатылат, Иракта диктатура жок кылынат деп ишенет. Ошону менен бирге Шрөдөр ирак проблемасынын аскери жол менен чечилишин мурдагыдай эле каталык болду деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG