Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Брюсселде согуштан кийинки Ирактагы кайра куруу маселелери талкууланды


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл адегенде НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон менен жолукту, андан соң Чехиянын, Венгриянын, Испаниянын жана Италиянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Брюсселге ал Иракты кайра тикелөө ишинде Бириккен Улуттар Уюмунун ролу жөнүндө НАТОлук союздаштар менен Евросоюздун ой-пикирлерин укканы келген эле. Пауэлл ошондой эле француз, орус жана немец министрлери менен да өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG