Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

“АНСАР АЛ-ИСЛАМ” ЭМНЕ БОЛГОН ТОП?


“Ансар ал-Ислам”. Бул сөз кыргызча “Ислам жолдоочулары” деп которулат. “Ансар ал-Ислам” Ирактын түндүгүндөгү секулярдуу күрд өкмөтүнө 2001–жылы ачыктан ачык согуш жарыялаган куралдуу топ.

Марттын акыркы күндөрү үч күн бою созулган катуу салгылашуудан кийин, бир тобу Иранды көздөй өтө качкан, калгандары Иран-Ирак чек арасын бойлой кеткен кырка тоолордун бийик жактарына зобун зобун бөлүнүп кеткен күрд фундаменталисттери кимдер? Алар кайдан пайда болгон?

Өзүн “Ансар ал-Ислам” же “Ислам жолдоочулары” деп атаган топ Түндүк Ирактын Иранга чек аралаш тоолуу аймагында 1998-жылы түзүлгөн. Бул уюм жергиликтүү күрд фундаменталисттери менен Ооганстанда машыгып келген террорчулар тарабынан негизделген. Топтун уюткусун талибан өкмөтү талкалангандан кийин Ооганстанды таштай качкан 150дөй араб түзөт. Алар туура эки жыл илгери Ирактын түндүгүндөгү күрд анклавында секулярдык өкмөткө каршы согуш ачкан.

Күрдистан патриоттук биримдиги - КПБнын чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, “Ансар ал–Ислам” түзүлгөндөн мурда, анын руханий көсөмү Молдо Крекар Ооганстанда болуп келген. Күрд улутундагы Молдо Крекар азыр Норвегияда камакта отурат.

Вашингтон 2001–жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон террордук чабуулдарга чейин “Ансарды” көзгө илбей жүргөн. Сентябрь кыйраканынан кийин Ж. Буштун администрациясы Ирак президенти Саддам Хусейндин ислам террорчулары менен болгон байланышына эл аралык коомчулуктун көңүл бургандан баштап, “Ислам жолдоочулары” күрд өкмөтүнө каршы аракеттенүүсүн күчөткөн.

Күрд жетекчилигин айтышынча, “Ансар ал-Исламды” күрд автономиясын бейстабилдештирүү максатында Саддамдын режими жана Иран өкмөтү атайын уюштурган. Ансарчылардын каруу жарагы жана жетерлик азык-түлүк кору алар каржы жагынан жакшы камсыздалганын күбөлөйт.

Лондондогу күрд маданий борборунун өкүлү Соран Хамараштын айтымында:

- Күрддөр маданияты жагынан мусулман болушса да, жаңылыкты тез кабыл алышып, дүйнөгө ачык эл келет. Алар фанатик эмес. Алар динди катуу кармашпайт, бирок диний жөрөлгөлөрдү жалпы жонунан аткарышат. Бул алардын башка элдер менен болгон мамилесине таасир этпейт.

Ал эми “Ансар ал–Ислам” Түндүк Ирактын Иран жак чек арасына чектеш Халабжа өрөөнүндөгү 9 кыштакты күрд өкмөтүнөн тартып алгандан кийин, ал жерлерде кудум ооган талибдериндей катаал ислам мыйзамдарын орноткон. Күрд аскерлеринин командачысы, генерал Дизайи: “Ансарчылар -биздин талибдер. Алар диндин катаал тартиптерин орнотууну каалашкандыктан, биз аларды жакшы көрбөйбүз”, - дейт. Алар бул жагынан төрт-беш жылдай илгери Дагестандын бир нече кыштагында ислам башкаруусун киргизмек болгон фундаменталисттерден да эч айрымаланбайт. Ислам жанкечтиси жардырган бомбадан жарадар болгон күрд жоокери айткандай, ансарчылар душманын да, өз жанын да аябайт. Себеби, алар жихадда өлсөк түздөн түз бейишке чыгабыз деген ишенимде тарбияланышкан.

“Ансар ал-Исламдын” желдеттери 2001–жылдын сентябрында күрд күчтөрүнүн 40тан ашык аскерин чогуу бойдон мууздап салган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында анын эки жоочусу күрддөрдүн арасына кирип барып, өздөрүн бомба менен жардырып жиберген. 22–мартта “Ансардын” башка бир жанкечтиси аскерий бекетте өзүн бомба менен жардырып, эки күрд жоокерин жана австралиялык журналистти тиги дүйнөгө жетелей кеткен.

Ансарчылар марттын акыркы күндөрүндөгү үч күнгө созулган согушта, күрд аскерлеринин айтышынча, кеминде 250 жоокеринен айрылган. 300дөйү Иран тарапка, калгандары тоо таяна житип кетишкен. Алардын жабыт-үңкүрлөрүнөн көп сандагы советтик жана Иранда жасалган каруу жарак, 16 тонна бензин жана 60 тонна азык оокат, ошондой эле, күрд чалгындоо кызматынын билдиришинче, Лондондо жана араб өлкөлөрүндөгү ислам террорчуларынын телефон номурлары табылган. Айтмакчы, ансардын бир жоокери Марокко жараны экенин жана буерге Иран аркылуу келгенин анын жанынан табылган паспорту ырастап турат.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын төрагасы, генерал Ричард Майерстин сөзүнө караганда, ансарчылар менен алкаидачылар Сагат кыштагындагы лабораторияда өтө уулуу газдын үстүнөн иштешкен жана жыл башында Лондондогу рейд маалында британ полициясы колго түшүргөн рисин газы дал ушул жерде жасалган болушу мүмкүн.

“Ислам жолдоочуларынын” дагы бир өзгөчөлүгү - алар газават учурунда курман болгон жоокерлерин жерге бергенде мүрзөсүнө маркумдун аты– жөнүн жазышпайт, жөн гана номер берип койот. Алардын Гүлп кыштагындагы мазарында көмүлгөн акыркы адамдын номуру 37. Дагы 29 мүрзө казылган бойдон бош турат.
XS
SM
MD
LG