Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

“AЗАТТЫКТЫН” КАБАРЧЫЛАРЫ КАН МАЙДАНДАН ЖИБЕРГЕН КАБАРЛАР


АКШ армиясынын үчүнчү жөө аскерлер дивизиясы бир жумадан бери Кербела шаарынын айланасында оор салгылашуу жүргүзүп келди. Кербела Ирактын байтактысы Багдаддан 80 чакырымдай түштүктө жайгашкан. Мына ушул дивизия менен чогуу жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Рон Сыновиц жана Кувейтте турган кабарчыбыз Чарльз Рекнагел жаңы жиберген кабарлар менен тааныштырабыз.

Бейшембиде Рон Сыновиц өзү кошулуп жүргөн америкалык аскерлердин акыркы эки күндөгү ийгилиги тууралуу буларды билдирди:

- АКШ армиясынын үчүнчү дивизиясы бүгүн Багдаддын чет-жакасындагы позицияларга чыкты.

Сыновицтин айтымында, америкалык аскерлер сан жагынан да, согуштук даремети боюнча да каршы тараптан кыйла күчтүүлүк кылат. Кабарчы ошондой эле үчүнчү дивизияда маанай да көтөрүңкү экендигин бышыктады:

- Улам алга жылып жаткан АКШ аскерлеринин маанайы жакшы. Батышта катардагы адамдар гезиттерден окуп алып, "Багдадды көздөй жүрүш жайлап калды" деп ойлоп калышты окшойт. Бирок Ирактын Республикачыл гвардиясына жана башка ирактык аскерлерге каршы чабуулдардын натыйжалуулугу жогору болуп жатат, анткени жердеги америкалык аскерлер кимдин кайда турганын өз көзү менен көрүп, (аба күчтөрүнө) так маалымат берип жатышат. Ушундан улам АКШнын абадан сокку уруусунун тактыгы кескин жакшырды.

Сыновиц ошондой эле АКШ армиясынын үчүнчү дивизиясы "Ирак аскерлерине каршы суюлтулган уран куюлган ок-дары колдонуп жатат" деген маалыматты ырастап, бул октон набыт болгондорду өз көзү менен көргөнүн билдирди:

- Түз эле америкалыктардын турумун көздөй келаткан, үстүндө ирактык алты аскер отурган "Ниссан" пикап машинасын 25 миллиметрдик суюлтулган уран куюлган ок менен атышты. Бул - ушул согушта мен көргөн жүрөк титиреткен окуя болуп калды. Бул ок тийгенде адамдын денеси каймактай эрип кетет экен, быт-чыты чыккан сөөгүнөн башка дээрлик эч нерсе калбайт. Ал эми 15 метрдей артта жөө келаткан бир аскер атылган октун эпкининен эле жайрап калды.

Анын аралыгында, Ирак согушунда карапайым эл арасындагы курмандыктардын жүрөк титиреткен сүрөттөрү араб дүйнөсүндө согушка каршы маанайдын чырагына май тамызууда. Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат болуп, Ирактагы ири шаарлардын сыртында коалиция аскерлеринин ирак күчтөрү менен салгылашында жүздөгөн бейкүнөө киши ок жеп, же бомбалоодо набыт болууда. Араб өлкөлөрүндө маалымат каражаттары бул окуяларды кеңири чагылдырып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Чарльз Рекнагел Кувейт шаарынан мындайча маалымат жөнөттү:

- Араб тилинде чыгуучу гезиттер жана сателлит сыналгы каналдары жараат алган ирактык балдарды жана чоңдорду күндө көргөзүп жатат. Бул - жарым айга аяк баскан согушка каршы маанайды ого бетер козутууда.

Египеттин "ал-Ахбар" гезити упчусу оозундагы бойдон сенектей катып алган баланын жана энесинин өлүгү табытта жаткан сүрөттү биринчи бетинде басты. Гезит ошондой эле сүрмө топтун буту алдында канга бойолуп жаткан дагы бир баланын сүрөтүн жарыялады. Аман калгандардын араб жана батыш кабарчыларына берген көрсөтмөлөрү да байма-бай жарыяланып, коомдук пикирге катуу таасир тийгизүүдө.

Нажаф шаарынын жанындагы көзөмөл бекетинде дүйшөмбү күнү америкалык аскерлер бир машинага ок ачышкан эле. Машинада бараткан аял кийин кабарчыларга жанында отурган эки эселек кызынын баштары кантип топтой томолонуп түшкөнүн айтып берди. Көрсө, тогуз айлык боюнда бар Ламеа Хасан коалициялык күчтөр абадан таштаган баракчалардагы көрсөтмө боюнча күйөөсү, урук-туугандары болуп батыш аскерлеринин позициясын көздөй бараткан экен. Хасандын күйөөсүнүн айтымында, эки, беш жаштагы кыздары менен кошо, үч жаштагы уулу, атасы, энеси, эки эркек бир тууганы, алардын аялдары жана эки жээни, бардыгы болуп 11 киши набыт болду.

АКШнын расмий өкүлдөрү машина америкалык аскерлер асманга ок атып эскерткенде токтобой коюп, окко кабылганын билдиришти. Пентагон "бул чабуулда жети киши ажал тапты" деп маалымдады.

Саддам Хусейнге каршы согушту колдогон Кувейтте айрым маалымат каражаттары "карапайым элдин арасындагы өлүм тууралуу кабарлар Саддам согуш майданында жеңилип жатса да, арабдарды анынтарабына тартууга көмөктөш болуп жатат" деп кабатыр болушууда. Ал эми согушка каршы маанай күчтүү болгон Египетте, Иорданда, Сирияда жана Йеменде карапайым ирак жарандарынын өлүмү үчүн түздөн-түз АКШнын президентине доомат коюп жатышат. Иордандын падышасы Абдулла 2-апрелде согушту айыптап, аны "баскынчылык" деп атады жана карапайым курмандыктарга көңүл айтты.

Карапайым элдин арасындагы өлүм тууралуу негизинен катардык ал-Жазира сыналгысы көрсөтүп келатат. Ал-Жазиранын кабарчылары батыш журналисттери бара албаган аймактардан кабар берет. Араб өлкөлөрүндө ал-Жазираны СиЭнЭн, БиБиСи сыяктуу батыштык телеканалдарды жана өздөрүнүн мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарын тең салмактаган сыналгы деп билишет. Багдад бийликтери жакында бул сыналгынын бир кабарчысына тыйуу салып, экинчисине Ирактан чыгып кетүүгө буюрду.

- Ал-Жазира Ирактан кабар берүүнү токтоп жаткандыгын жарыялады. Бирок сыналгы Багдаддагы, Басра, Мосул шаарларындагы кеңселеринен түз көрсөтүүнү уланта бермекчи, - деп билдирди Азаттыктын Кувейт шаарындагы кабарчысы Чарльз Рекнагел.
XS
SM
MD
LG