Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:01

Вице-премьер-министр салык саясатынын максаттарын түшүндүрдү


БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда Кыргызстандагы салык реформасынын максаттарына токтолду. Анын айтымында, салык реформасы өнөктөш өлкөлөргө ыңгайлашуу жана рынок экономикасынын талаптарына жооп берүү максатын көздөйт. Салык реформасынын чегинде Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга салыкты азайтуу, дары-дармекке салыктарды алып салуу, кыймылсыз мүлккө, айыл чарба азыктарын сатууга салык киргизүү өңдүү иштер аткарылды. Мындан ары өкмөт автожолго, өзгөчө кырдаалдарга байланышкан салыктарды алып салуу максатын көздөп жатат. Жоомарт Оторбаев ошондой эле Кыргызстанда салыктардын жалпы өлчөмү Чыгыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу аз алынаарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандагы салыктар ички дүң продуктунун 14% түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG