Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Норвегиянын аскер күчтөрүнүн Кыргызстанда болчу мөөнөтү аяктады


БИШКЕК. Эл аралык антитеррордук коалицияга кирген өлкөлөрдүн курамында Норвегиянын аскердик-аба күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 1-апрелде аяктады. Ушуга байланыштуу Норвегиянын өкмөтү өз аскерлерин башка максаттарга колдонуш үчүн Ганси аскер-аба базасынан алып кетип жатат. Аскердик күчтөрдүн кетиши бир аптанын ичинде соңуна чыгат. Бул тууралуу бүгүн Ганси аба базасындагы антитеррордук күчтөрдүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, капитан Элизабет Ортиз билдирди. Анын айтымында, азыр Ооганстанда антитеррордук операцияларды жүргүзүү максатын көздөгөн күчтөрдүн курамында Ганси аба базасында алты мамлекеттин аскердик жана аба күчтөрү бар. Алар - Дания, Голландия, Испания, Италия, Корея жана АКШ мамлекеттери. Элизабет Ортиз аскерлер азыр кадыресе келип-кетип жаткандыктан, алардын саны тууралуу так маалымат айта албастыгын белгиледи. Жыл башында Ганси аба майданында 1800 чамалаш аскер контингенти бар экендиги тууралуу маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG