Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

АКШнын МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИ КЫРГЫЗСТАНДЫ СЫНГА АЛДЫ


31-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Конгресске «2002-жыл ичинде дүйнө мамлекеттериндеги адам укуктарынын абалы» жөнүндө докладын сунуштады. Анын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө, «өлкөдө 2002-жылы басма сөздү кысмакка алуу, калкты жана маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү улантылды» деп айтылып, бирок киши сатууга каршы күрөштө алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгы белгиленген. АКШнын мамлекеттик катчысынын доклады Кыргызстанда кандай бааланууда?

АКШнын мамлекеттик катчысынын докладында Кыргызстанга айтылган сынга карата биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмоновдун пикири мындай болду:

- Билдирүүдө «коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонгон, ал эмес вандализм кылган» дептир. Эгерде мындан бир-эки жыл мурун болгон «Агымга» кол салуу жөнүндө сөз болуп жатса - ал катардагы кылмыш. Аны тергөө органдары иликтөөдө. «Моя столица» гезити болсо текшерилбеген, чындыкка дал келбеген маалыматтарды, фактыларды жазып жиберип жатат. Ошол эле мамлекеттик чиновник, катардагы адамдар жөнүндө. Алар өздөрүнүн ар-намысын, аброюн коргогонго биз эмне үчүн тоскоол кылышыбыз керек? Мындай учурда сотко кайрылуу ар бир адамдын укугу. Ошондуктан «коркутуп-үркүттү» деген ойлорго кошула албайбыз. Доклад Кыргызстандагы реалдуу кырдаалга дал келбейт.

Ал эми оппозициялык маанайдагы «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев АКШнын мамлекеттик катчысынын докладында Кыргызстан адилеттүү сынга алынгандыгын белгилеп, буларга токтолду:

- Эркин маалымат каражаттарына кысым борбордук жана жергиликтүү деңгээлде болуп жатат. Анын эки түрдүү жолу бар. Биринчиси - административдик органдар аркылуу кысым көрсөтүү. Бул сот, салык, Социалдык фонддун кызматтары аркылуу жасалат. Экинчиси, эркин маалымат каражаттарын сатып алуу жолу менен жасалууда. Белгилүү болгондой, көптөгөн эркин маалымат каражаттары бир адам тарабынан сатылып алынып, алар өзүнчө холдинг болуп түзүлүп, монополистке айланган учурлар бар. Булардын ичинен америкалыктар өз докладында биринчи окуялар жөнүндө айтып жатышат болуш керек. Биздеги кээ бир фактылар ошонун далили болуп эсептелет. Кыргызстанда пикет, митинг, жүрүштөр аркылуу өз оюн эркин айтууга да тыюу салынып, кысым көрсөтүлүп келатат. Адамдардын жыйналып, өз оюн элге, мамлекетке айта албай келаткандыгы - ушул басма сөз эркиндигине эле эмес, жалпы эле сөз эркиндигине басым, кысым, чабуул деп эсептейм. Бул бизде ачык-айкын көрүнүш болуп калды. Мына ушул Аксыдагы трагедия да сөз эркиндигинин жоктугунан, адамдарга митинг, пикетке чыгууга укук берилбегенинен келип чыкты.

Өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри, «Келечек долбоору» фондунун жетекчилеринин бири Муратбек Иманалиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин докладындагы Кыргызстанга байланыштуу бөлүгүнө карата өз пикирин мындайча билдирди:

- Жалпы сөз менен айтканда адам укугу жагынан, басма сөздөгү кырдаал боюнча кемчиликтер бар. Бул доклад кандай натыйжага алып келээри тууралуу айтсам, менин оюмча, бул тараптан эч кандай деле коркунуч жок. Анткени геосаясий маселелер биринчи орунга чыгып, адам укугу, демократиялык маселелер экинчи орунда калууда. Ал эми Мамлекеттик департаменттин докладындагы сын - адилеттүү, биздеги кырдаалды реалдуу чагылдырган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG