Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА, КОРРУПЦИЯГА НААЛАТ, ТООНУ ТОМКОРУУ


Көмүскө экономиканы түп-тамырынан жоюу, коррупцияга чабуул, Бишкекке тоодон сокчу желаргыны тосуп калчу тоону жок кылуу кыргыз басылмаларын кызыктырган темага айланууда.

Бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде Анара Солтоева жазгандай, азырынча өкмөттүн көмүскө экономика менен коррупцияга каршы күрөшүүчү чамасы жок. Өлкөнүн Финансы министрлигинин ведомство аралык комиссиясы көмүскө экономиканын чоо-жайына иликтөө салып, аны пайда кылган бир топ шарт-жагдайларды таап чыкты. Социалдык камсыздандыруу менен салыктардын оордугу көмүскө экономиканы пайда кылган негизги себеп. Кыргызстандын өкмөтү салыктын санын азайтып, Социалдык фондго төлөмдөрдү кыскарта албайт. Бюрократиялык тоскоолдордун арбындыгы, сот системасынын көз карандылыгы көмүскө экономиканын ачыкка чыгышына кыйла жолтоо болууда. Адистердин айтымында, ушу тапта өлкө экономикасынын тең жарымы жашыруун иш жүргүзгөндөрдүн колунда. Комиссия көмүскө экономиканы жоюунун бирден-бир жолу мамлекеттик чыгымдарды азайтып, жеке демилгеси менен жашагысы келгендерге мыйзам тарабынан ачык шарт түзүлүшү, салыкты азайтуу керек, деп эсептейт.

Уюшкан экономикалык кылмыш жылдан-жылга өсүп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип атканына Ош облусунун прокурору Абдыганы Шерипбаев токтолгон. Анын айтымында, 2001-2002-жылдары кызмат абалынан пайдалангандар менен уюшкан экономикалык кылмышка колу малынгандарга каршы 5800 ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген зыян 700 миллион чукул АКШ доллары өлчөмүндөгү акчаны түзгөн. Абдыганы Шерипбаевдин айтымында, эми коррупцияга каршы күрөш чындап жүрөт, себеби ал тууралуу атайын мыйзам кабыл алынды. Жаңы мыйзамда коррупция түшүнүгү так чагылдырылган, “эми аны ишке ашыруу механизми калды”, дейт А.Шерипбаев.

Кыргызстанда коррупцияга чындап күрөш жүргүзүлө элек, баары ага каршы туруп аткандай түр көрсөтүп жатышканын 2-апрелдеги “Моя столица” гезитинде Рина Приживойт жазып чыкты. Автордун ою боюнча, президент А. Акаевдин демилгеси менен уюшулган Коопсуздук Кеңешинен, жакында түзүлгөн Демократиялык коопсуздук кеңешинен, эми уюшулчу Ынсаптуу башкаруучулардын улуттук кеңешинен майнап чыгышы кыйын. Анткени коррупцияга каршы күрөшчү жан жок, соттор болсо жогорто отургандардын айткан-дегенин аткарууну жакшы көрүшөт. “Бийлик өзүнүн коррупциялашкан жакындарын жазалагысы келбейт, ошон үчүн коррупциянын сай-сөөгүнө жетер ачуу сөздөр айтылат, маал-маал күрөш жүрүп атканы маалымдалат. Мунун баары чет элдик акча алуунун гана амалы”, деп белгилейт макала автору.

Бишкек шаарынын жаңы генералдык планын иштеп чыгуу өнөрканасынын жетекчиси Юсуф Тагиров башкалаанын түштүгүндөгү бөксө адырларды тегиздөө сунушун билдирет. Анын айтымында, Аламүдүн менен Аларча сайларынын ортосундагы бөксө адырларды кертип алып койсо Бишкекке тоонун желаргысы тынбай согуп, шаар үстүндө уюлгуган түтүндү айдап кетет. Автор бөксө тоонун топурак-ташын кайда ташуунун да жолун таап койгон, алар темир жол, автожолдордун четине төшөлмөкчү.

Ирактагы согушту токтотууну талап кылып, кол тамгасын койгондордун саны 16 миңден ашканын бейшембиде “Вечерний Бишкек” гезити кабарлады. Иракта согуш башталгандан бери кыргыз сомунун наркы көтөрүлүп, доллар курсу төмөндөп баратканы ушул эле гезиттеги Данияр Каримовдун макаласында баяндалат.

Президенттин чиновниктерди Коопсуздук Кеңешинде уяткарганынан коррупцияга каршы күрөш жанданбасын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Марипов менен Байгуттиев жазып чыгышты. ”Президент коррупция менен күрөшүүгө калайык -калкты, маалымдоо каражаттарын чакырды,- деп жазат авторлор. – Алтындай болгон сөздөр, бирок бул милдет соттук доо-арыздардын төөбастысында калган маалымдоо каражаттары үчүн өтөле оорго турат”.

Коррупция темасына жума күнү сатыкка түшчү «Агым» гезити да кайрылууда. Мамат Сабыровдун “Коррупция, корбашы, эчтеке чечпеген Коопсуздук Кеңеши” деген макаласында күрөш азырынча “чабактарды” кармап жазалоо менен чектелип атканына токтолгон. Автордун айтымында, коррупцияга малынгандарга анын анабашында турган корбашылар эч качан күрөш ачпайт.

Коррупция мамлекеттик масштабга чыгып, аны ооздуктоо кыйынга туруп калганы депутат Дүйшөн Чотоновдун бейшемби күнкү «Республика» гезитиндеги маегинде да айтылат. “Өлкөнүн экономикасын коррупционерлер башкарып калгандай туюлат”,- дейт депутат. Анын айтымында, бийлик шайлоо жыйынтыктарын каалагандай чыгарып алууда, ага каршы турууга оппозициянын мүмкүнчүлүгү жетишпей туру.
XS
SM
MD
LG