Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

ИРАК:КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КАНТИП ИШКЕ АШАТ?


Бейшемби күнү Брюсселде өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Европа Биримдигине жана НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Ирактын келечегине тиешелүү маселерди талкуулады.Атап айтканда согуштан кийинки доордо Ирак кантип калыбына келтириле тургандыгы, ким кандай роль ойноору жөнүндө сөз болду.

Брюсселде АКШнын Мамлекеттик катчысы европалык өлкөлөрдүн Ирактагы согушту жактагандарынын да, ага каршы тургандарынын да тышкы иштер министрлери менен кездешип, НАТОнун жана Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жалпы жыйынына катышты. Батыш агенттиктери келтирип жаткан маалыматтарга караганда, АКШнын учурдагы пландарына ылайык, Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки доордо Иракты кыска убакытка Вашингтондун аскердик администрациясы башкарышы керек.Ал бара-бара бийликти Ирактын утурумдук өкмөтүнө өткөрүп берет. Андан соң барып көз карандысыз Ирактын толук кандуу өкмөтүн түзүү абзел. Европа Биримдигинин азыркы төрагасы, Грециянын тышкы иштер министри Георгио Папандреу Брюсселдеги жолгушуулар учурунда белгилегендей, алар Иракты калыбына келтирүүдө БУУнун ролу күчөтүлүшүн көздөйт. Улуттар Уюму бул багытта өзүнчө резолюция кабыл алганы ылайык дейт Папандреу:

- Биз БУУнун ролу Ирак кризисинин баардык баскычтарында жогору болушун каалайбыз. Албетте, биз гуманитардык кырдаалга кооптонуп жатабыз. БУУнун резолюциясы согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүгө Европа Биримдиги толук катышуусуна өбөлгө болот.

Ирактагы турмушту жайына келтирүү эл аралык коомчулуктун милдети экенин НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон да белгиледи:

- Чатактан кийинки кайра түзүү иштери кабатырланткандыктан министрлер эл аралык коомчулуктун, өзгөчө Улуттар Уюмунун зарылдыгы бар экенин ачыкташты. Ал кырдаал мүмкүндүк берээр замат башка эл аралык уюмдар менен бирге ишке тез арада киришиши керек. Эл аралык коомчулук чара көрүүгө даяр болушу абзел.

Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Иракты калыбына келтирүүдө БУУ белгилүү бир роль ойнойт, бирок жетектөөчү орунда азыр аскердик операцияны жүргүзүп жаткан коалиция турушу керек:

- Бул татаал милдетти коалиция саясий,акчалай чыгымдарды гана эмес, адам өмүрүн жоготуунун аркасында чогуу колго алды. Биз ийгиликке жетип,Ирак эли үчүн бакубат турмуш орнотуубуз, коомду, Саддам Хусейн ондогон жылдар бою ойронун чыгарган бул өлкөнү кайра куруубуз үчүн жолдун төмөнкү бөлүгүн карап турган учурда, менимче,коалиция алдыдагы багытты аныктоочу жетектөөчү ролду ойношу керек.

Айтор, согуштан кийинки доордогу Ирактын келечеги расмий деңгээлде талкууланып жатса, дүйнөлүк маалымат каражаттарында бул иштин куну канчага тураары жөнүндө жоромолдор жарыяланууда.

Маселен "Ройтер" агенттигинин жазганына караганда,Ирактагы кайра куруулардын наркы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европаны калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн Маршал планынан да кымбатка турушу мүмкүн. Иракты калыбына келтирүү канчага турарын азырынча АКШ да айта элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG