Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдакы кеңешчиси, АКШлык бизнесмен Жеймс Гиффендин коррупцияга аралашты деген шектенүү менен камакка алынышы казак президенти үчүн өтө жагымсыз кабар. Бир жагынан, Назарбаевдин ысмы коррупциядан сырт эмес деген шектенүүгө негиз берсе, экинчи жактан, айрым аналитиктердин айтымында, чет элдик капиталдын Казакстанга келүүсүнө тескери таасир этиши ыктымал.

Мунай боюнча белгилүү консультант, Mercator корпорациясынын коммерциялык банкынын башчысы Жеймс Гиффен 30-март күнү Нью-Йорк аэропортунда камакка алынды. Бул банктын Казакстанда да бөлүмү бар. 62 жаштагы ишкер 1997-жылы Казакстандын “мартабалуу ырасмий адамдары” менен “алардын жаат-жакындарынын” Швейцариянын банкындагы эсебине 20,5 миллион доллар которууга тиешеси бар деп күнөөлөнүүдө. Гиффен 1995-жылы президент Н. Назарбаевдин мунай боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, ал акчада Назарбаев жана анын үй-бүлөсүнүн да үлүшү бар экенин банк документтери күбөлөйт.
Mercator, федералдык прокурордун айтымында, Тенгиз мунай кенин иштетүүгө көмөктөшкөнү үчүн “Мобиль” компаниясынан 51 миллион доллар “кол акы” алган.

Кошмо Штаттарындагы Түндүк Каролина университетинин Казакстан боюнча эксперти, профессор Стив Сэбол америкалык ишкердин камакка алынуусунун жагымсыз жактары жөнүндө мындай дейт:

- Гиффен президент Назарбаевдин администрациясы, (Казак) парламентинин мүчөлөрү, парламенттин бийик даражалуу мүчөлөрү менен бекем байланышта болгон деп ырасталууда. Кабардын опурталдуу жагы, көпчүлүк адамдарды Гиффендин Казакстандын президенти менен болгон байланышы тынчсыздандырат.

Казак мунайы “Мобилдин” мурдакы жооптуу кызматкери Брайан Уильямстын да алкын бузган. Ассошиэйтед пресстин маалымдашынча, Тенгиз кенин сатып алууда көрсөткөн эмгеги үчүн Уильямска Mercator нак 2 миллион доллар төлөгөн. Ал да апрелдин алгачкы күнү камакка алынды.

АКШнын федералдык чалгындоо бюросу менен юстиция министрлиги мунай компанияларынын Казакстандык ырасмий адамдарынын ысмына мыйзамсыз акча которуусуна алгачкы ирет 2000-жылдын жайында көңүл буруп, ошондон бери өз алдынча тергөө жүргүзүп жатышкан.

Бул кабар угулгандан кийин чет элдик компаниялар Казакстанга капитал салуудан этияттанып, өтө кылдат иш жүргүзө башташкан.

Казакстандын маалымат булактары президент Назарбаевдин мурдакы жардамчысынын камакка алынышы жөнүндө учкай айтып тим болушту.

Казак президентинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрлан Байжановдун айтышынча, Ж. Гиффен ырасмий кызматта иштеген эмес.

- Ал мунай боюнча штаттан тыш кеңешчи болуп иштеген, бирок эч кандай өкмөттүк жана башка кызматта болгон эмес.

Назарбаевдин басма сөз катчысы Жанай Омаров Гиффенге байланыштуу чатак жөнүндө эч кандай кабар укпаптыр, ал жөнүндө билбейт да экен.

Оппозициядагы Республикалык калк партиясынын орун басар төрагасы Амангелди Керимтаев Жеймс Гиффен президенттин кеңешчиси болуп иштеген дейт:

- Ал Казакстан эгемендик алган мезгилден баштап президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Ал өз кызмат ордун пайдаланып өтө байып алган. Өзү эле эмес айрым биздин адамдарды да байытты.

Бул окуяга кылдат көз салган адам, казак бийликтери мунайдан тапкан акчаларды “адалдаштыруунун” амалын ойлоп, бир катар чараларды кабыл алышканын көрөт.

Атап айтканда, 2001-жылдын июнь айында Казак өкмөтү 1995-жылдан кийинки аралыкта өлкөдөн мыйзамсыз жолдор менен акча чыгарып кеткен адамдарга бир айлык мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, бир айдын ичинде акчасын улуттук банкка салган адамдар эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

Президент Назарбаев Швейцариянын банкында 1 миллиард доллары бар экенин былтыр апрелде премьер-министри аркылуу элге жарыялап, мойнуна алган. Назарбаевдин сөзүнө караганда, ал 1 миллиард долларды өлкө башына каатчылык келсе пайдаланабыз деген ниетте аманатка салып койгон.
XS
SM
MD
LG