Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Коңшулаш Өзбекстан менен Жалалабад облусунун ортосунда тактала турган 150 чакырымдык 20 жай бар. Алардын он алтысы Алабука жана Аксы райондорунда. 29-марттан 2-апрелге чейин Өзбекстандын Фергана шаарында чек ара маселесин караган өкмөт аралык паритеттик комиссия жогоруда айтылган райондор боюнча бир чечимге келе алган жок. Ал тууралуу комиссиянын ишине катышкан Жалалабад облусунун тобун башкарган губернатордун орун басары Жаныбек Осмоналиев айтып берди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы маселени тактоо иретинде өкмөт аралык паритеттик комиссиянын мүчөлөрү бул жолу Өзбекстандын Фергана шаарында жолугушту. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жетектеген паритеттик комиссиянын ишине курамына Жалалабад облусунун губернаторунун орун басары Жаныбек Осмоналиев башчылык кылган облустук топ да катышты. Топтун курамында облустук Жер жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча борбордун башчысы Каныбек Ботобаев менен аталган тармактын Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука райондорундагы жетекчилери да болушту. Паритеттик комиссия 29-марттан 2-апрелге чейин негизинен Аксы жана Алабука райондорундагы талаш туудурган чек ара жерлерин карады.

- Төрт күн Фергана шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаш жерлер боюнча иш болду, - дейт Жаныбек Осмоналиев. - Биздин облуста 20 участогубуз бар. Ноокенде 1, Сузакта 1 участок, калганы Алабука, Аксы райондорунда. Негизинен биз өзүбүздүн сунушту бердик, беш участок боюнча жалпы эки тараптык келишүү болду. Жеринде барып көрө турган маселе болуп чечилди. Райондун жетекчилери, адистери менен эки облустун жумушчу тобу барып иштешет. Ошондон кийин бул маселе кийинки республика аралык комиссияга сунуш кылына турган болду.

Эки тарап талаш жайлар боюнча өз сунуштарын ортого салганы менен конкреттүү бир чечимге токтой алышкан эмес. Жаныбек Осмоналиевдин маалыматында, облус менен Өзбекстандын ортосундагы 714 чакырымга созулган чек арада тактыкты талап кылган 150 чакырымдык 20 жай бар. Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтү менен Ноокен районундагы Ношкент айылындагы эки талаш жерден калганы Алабука, Аксы райондорунда. Буга чейин Чаткал районундагы жерлерди кошкондо 352 чакырымдык чек ара аймагы делимитацияланган.

Кыргыз тарабы Алабука районундагы Гава жана Гавасай, Аксы районундагы эки жерден башка 16 жайды делимитациялоо маселесин бүтүрө берүүнү жана ага ылайык зарыл бардык документтерди сунуш кылган. Ал эми өзбекстандык делегация ишти дал Алабука районундагы талаш жерлерден улантуу оюнда турган. Акырында ошол жерлерди кайрадан көрүп чыгуу бүтүмүнө келишкен. Паритеттик комиссиянын эмки кездешүүсү качан жана кайда болоору тууралуу да маселе чечилбей калган. Ал жөнүндө губернатордун орун басары Жаныбек Осмоналиев мындай дейт:

- Эки өкмөт тарабынан бекитилген программа боюнча кийинки жолугушуу Баткен облусунда болот. Бирок биз ал жерде болгон кеңешмеге бара албайбыз. Себеби, биз барып жеринде көрүп, практикалык бир чечимге келгенден кийин, менимче Бишкек шаарында боло турган жолугушууга катышабыз.

Комиссиянын негизги милдети чек ара маселесин кароо болгондуктан, 28-мартта Ноокен району менен чектешкен Өзбекстандын Маданият кыштагын айланып өтчү жолдо болгон өзбек жарандарынын зөөкүрдүгү, коңшулардын атайын кызмат өкүлдөрүнүн чек ара, бажы бекеттериндеги жосунсуз жоруктары каралган эмес. Өзбекстанга кыргызстандык жарандардын кирип-чыгуу маселеси, Ж. Осмоналиевдин айтымында, паритеттик комиссиянын мындан мурунку жолугушуусунда каралган. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө каралган айрым тосмолордун маселеси чечилиши күтүлүүдө. Өзбекстандын беш бекетин ачуу жагы чечилген. Ал чечимди аткаруу жагы коңшулардын милдетине кирет.

XS
SM
MD
LG