Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:42

Дүйнөнүн ар башка аймактарында Ирактагы согушка каршы акциялар уланууда


Бейшембиде Босниянын борбору Сараеводо 4000дей адам жөө жүрүш өткөрүп, аягында АКШнын элчилигине чийки жумурткаларды ыргытып, кызыл бойок чачышты. Грекиянын борбору Афинада 10 миңдей адам Американын элчилигинин алдына чогулса, өлкөнүн түндүгүндөгү Фессалоники шаарында 15 миңдей киши Американын консулдугунун маңдайына топтолуп алып демонстрация өткөрүштү. Ирактагы согушка каршы акциялар Индонезия, Малайзия, Филиппин менен Таиландда да болду. Белорустун бийликтери Минсктеги АКШ элчилигинин алдында чогулган жаштарды кубалап, 16 кишини камакка алышты. Испаниянын башкалаасы Мадридде жана Севилья шаарында миңдеген студенттер Ирактагы согушка каршы нааразылык акцияларына катышышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG