Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Коалициялык күчтөр Багдаддын чет жагындагы эл аралык аэропорттун бир бөлүгүн ээлегени кабарланууда


Батыштык маалымат агенттиктери АКШнын аскерлери Багдаддан 20 чакырымдай аралыкта жайгашкан Саддам Хусейн атындагы эл аралык аэропортту колго алганын кабарлашты. Америкалык аскерлердин өкүлү, капитан Майкл Маккинон аэропорттун үчтөн бир бөлүгү коалициялык күчтөргө өткөнүн, соңку сааттарда Багдад кайрадан бомбаланганын ырастады. Пентагондо өткөн пресс-конференцияда АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд коалициялык күчтөр Багдадга чукулдап калганын бышыктай кетти. "Аскерлер Багдадга жакындап калышты. Жолдо алар бир нече обьектти ээлеп, азыр Ирактын башкалаасына чукул жерде баратышат", - деди Рамсфелд.

Коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү Багдаддын түштүк ыптасында Ирактын республикалык гвардиясы менен салгылаштар жүрүп жатканын, эл аралык аэропорттун алдындагы урушта Ирактын 15тей танкы талкаланып, ондогон аскерлери курман болгонун айтышат. Ирактын вице-премьер-министри Тарек Азиз бейшембиде америкалык аскерлер эч убакта Багдадды багындыра албайт, башкалаа үчүн кандуу кармаш алдыда, деп белгилеген эле. Кечке маал Багдадда электр жарыгы өчүп, шаардын басымдуу бөлүгү карандай караңгыга чөмүлдү. Андан улам коалициялык күчтөр Багдадды электр менен камсыздоо системалары бутага алынбаганын айтышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG