Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

БАШКЫ ЧЕП – БАГДАД


Америкалык командачылыктын өкүлдөрү Багдаддын эл аралык аэропорту коалициялык күчтөрдүн колуна өткөндүгүн маалымдашты. Пентагондо эми Багдадды алуунун тактикасын талдап, талкуулай башташты. Америкалык генерал, армиялык штаб башчылардын бириккен комитетинин жетекчиси Ричард Майерс коалициялык контингент Багдадга кирбей калышы да мүмкүн экенин кыйытып, Саддамдын бийлигин кулатуунун таасирдүү жолдору караштырылып жаткандыгын кабарлады. Ал эми Ирактын вице-премьери Тарик Азиз республикалык гвардия Багдад үчүн башын өлүмгө байлап коюп кармашат деп ишендирди.

Ирактын республикалык гвардиясы эл аралык аэропортту коалициялык күчтөргө тарттырып жибергенин британ коргоо министри Жефф Хун президент Саддам Хусейн үчүн “психологиялык чоң сокку” болду деп баалады. Америкалык батальондун командири,подполковник Скотт Рюттер да аэропортко жакын жерде Ройтерстин өтүнүч боюнча уруштардын жүрүшүн комментариялап, ушул ойду бышыктады. Аэропорттун алынышы баарыдан мурда Багдаддын тургундарына коалициянын күчтөрү шаардын өңүрүнө келип калгандыгын, алар эми Саддамдын режимине каршы көтөрүлсө болорун эскерткен белги болду, деп айтты америкалык офицер. Ушул эле жерде “Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовиц америкалык 3-дивизиянын экинчи бир бөлүгүнө командалык кылган майор Жоффери Ватсон менен аңгемелешкен. Майор Ватсондун айтымында, ирак тарабы бомба жапырыктары жана түнкү уруштар маалында 300дөн 400гө жакын жоокерин, анын ичинде танкалык эки, моторлошкон төрт батальонун жоготту, деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы. Ошол эле учурда коалициянын авангарддык отряддары менен бирге согуштун алдыңкы позицияларында жүргөн британдык кабарчылар аэропортко кирерде союздаш аскерлердин бөлүктөрү олуттуу каршылыкка деле туш болбогондугун айтып жатышат. Республикалык гвардиянын негизги бөлүктөрү түнкү ургаалдуу аба жапырыктарына бута болгусу келбей, кыязы, артка чегинип, Багдадды көздөй акырын жылып кеткен сыяктанат. Эмнеси болсо да Ирактын вице-премьери Тарик Азиз италиялык телеканалга берген интервьюсунда республикалыык гвардиянын күчтөрү Багдад үчүн башын өлүмгө байлап коюп салгылаша тургандыгына ишендирди.

Багдадда баарынан кыйын уруштар болорун америкалык куралдуу күчтөрдүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерс да бышыктады. Ошону үчүн Пентагон Ирактын борборун алууда башкача тарыйкага салып урушкусу келет. Майерстин капыялаган кептерине караганда, Пентагондо баарыдан мурда ирак жетекчилигин изоляциялоо тактикасын оң көрүп жатышкан өңдөнөт. Эгер Саддам Хусейн өлкөнүн калган аймактарынан бөлүнүп ташталса, аскер бөлүктөрүнө командалык кылуу, аларды башкаруу мүмкүндүгүнөн ажырайт. Ындыны өчүп, маанайы чөккөн ирак армиясын ургаалдуу аба жапырыктары менен биротоло майыштырып салганга болот. Буга кошумча коалициянын атайын күчтөрү Багдаддын өзүндөгү бир катар түйүндүү обьекттерди басып алышы да ыктымал. Мындай кырдаал Саддамдын абалын ого бетер оорлотот, натыйжада, айрым аскерий эксперттердин болжолунда, ал капитуляция шартын кабыл алып, Багдадды коалицияга тапшырганга аргасыз болушу мүмкүн. Бирок Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд ирак лидери менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес деп билдирди. Саддам үчүн эми эч кандай жол калбады, деп айтты ал. Коалициянын аскер бөлүктөрү Багдаддын четиндеги бир катар маанилүү обьекттерди басып алды, андан ары шаардын борборуна кол жеткидей аралык калды, деп билдирди Рамсфелд. Ирактын маалымат министри Мохаммад ас-Сахаф болсо Пентагондун көп маалыматтарын калп деп атады. Америкалыктар күн сайын жанын жеп жатышат, - деп билдирди ирак министри. - Алар ар дайым жалганды чындай айтышат, коомдук пикирди алдашат. Багдадга жакындап калдык дегени да ошондой калптын бири, деп айтты ас-Сахаф.

XS
SM
MD
LG