Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

ИРАК СОГУШУНА КАРАТА ИОРДАНИЯНЫН МАМИЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага 2-апрел күнү Иорданиянын падышасы Абдалла Ирактагы согушту "баскынчылык" деп атап, АКШ менен Улуу Британиянын аскерий аракеттерин катуу сынга алды. Иордания мурда такай АКШны колдоп келген жана Жакынкы Чыгыштагы Вашингтондун негизги шериктеринин бири болчу.

Иордания - Израил менен Мисирден кийинки Америка Кошмо Штаттарынан эң көп жардам алган үчүнчү өлкө жана Жакынкы Чыгыш маселелеринде такай АКШны колдоп, анын туруктуу шериги болуп келген. Ошол эле учурда Иордания - Ирактын кошунасы жана эки өлкөнүн эли тектеш, ошондуктан Ирак согушу даярдалып жатканда падыша Абдалла бир нече жолу америкалык жетекчиликке кайрылып, маселени тынчтык ыкмалары менен чечүүнү сунуштаган.

Согуш башталаар алдында болсо Иорданиянын аймагында бир нече жүз америкалык аскер жайгаштырылган, бирок алар тек гана өлкөнү Ирак тараптан мүмкүн боло турган ракеталык чабуулдан коргоо үчүн келген. Бирок согуш башталгандан кийин абал өзгөрдү. Биринчиден, ал ойдогудай ылдам болгон жок, экинчиден, карапайым калк арасында курман болгондордун саны өтө көп болгондуктан, Иорданиянын оппозициялык уюмдары да, жөнөкөй эл дагы согушка каршы катуу чыга баштады.

Ар кандай демократиялык өлкөдө жетекчилик карапайым калктын маанайын билип, ага төп келген саясат жүргүзүүгө аракеттенет. Кээ бир эксперттердин пикиринде, падыша Абдалла дал ошол себептен АКШнын Ирактагы аракеттерин сынга алууга аргасыз болду. Падышанын айтымында, биринчиден, коалициялык аскерлер Иракка баскынчылык кылып кирүүдө. Экинчиден, Ирактын карапайым калкы арасында набыт болгондордун саны өтө эле жогору жана аны саясий же башка себептер менен актап болбойт. Үчүнчүдөн, эгер президент Саддам Хусейндин бийлиги кулатылса, өлкөнүн жаңы өкмөтү эч кандай учурда сырттан дайындалбаш керек. Андан тышкары, падыша Абдалла Иракка чабуул жасаган америкалык аскерлер Иорданиянын аймагында жайгаштырылбайт жана аларга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу өтүүгө да уруксат берилбейт деп билдирди.

Ошентип, Иракты курчаган алты мамлекет - Иран, Иордания, Кувейт, Сауд Арабия, Сирия жана Түркиянын ичинен коалициялык аскерлер жалгыз Кувейттин гана аймагын пайдаланууда жана мурда АКШнын саясатын сынга алып келген Сирияга эми Иордания да кошулду. Бирок Амман шаарындагы "Жаңы Иордания" аттуу изилдөө борборунун деректири Хани Хуранинин айтымында, падыша Абдалланын сөзү эң биринчи кезекте Иорданиянын өзүнүн калкына багытталган:

- Падыша өз өлкөсүнүн калкына, араб дүйнөсүнө жана башка мамлекеттердин жетекчилерине: 'Биздин бул согушка тийешебиз жок', - деген белги берүүдө. Буга падыша мажбур, анткени Иорданиянын бул согушка болгон мамилеси тууралуу ар башка ушак сөздөр тарап жатат. Ирак өкмөтү тарабынан жана Араб маалымат каражаттарында Иорданияга каршы катуу сын айтылууда.

Жакында Иорданиянын жүзгө жакын белгилүү адамы падышага атайын кат жазып, согушту сынга алууну талап кылган. Катка кол койгондордун арасында өлкөнүн мурдагы төрт премьер-министри да бар. Өлкөнүн эң негизги оппозициялык уюму - "Исламдык аракет майданы" болсо 2-апрел күнү атайын батыба чыгарып, АКШга жардам көрсөтүү менен Иорданиянын өкмөтү Исламга каршы аракет жасады деп чыкты. Согуш башталгандан бери Иорданиянын шаар-кыштактарында ага каршы митинг-демонстрациялар өтүп жатат, өлкөдө жашаган 30 миңге жакын ирактыктын жети миңи мекенине кетип, америкалыктарга каршы согушкандардын арасына кошулду. Ошондуктан, падыша Абдалла согушка колдоо көрсөтүү менен өз элинин колдоосунан айрылып калышы мүмкүн болчу.
XS
SM
MD
LG